“Кыргыз туусу” мамлекеттик гезити бейөкмөт уюмдарды жана Британиянын Кыргызстандагы элчисин бир жактуу каралаганы чындык (Фактчекинг)

15-февраль күнү “Кыргыз Туусу” гезитинде “Батыш саясатынын башкы максаты башка” деген маалымат жарыяланган. Анда Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдар жана Батыш мамлекеттеринин элчиликтери өлкөнүн ички саясатына аралашып, туруксуздук пайда кылып жатканы айтылат.

“ПолитКлиника” медиасы “Кыргыз Туусу” гезитинде айтылган маалыматтарды анализдеп көрдү.

  1.  “Өлкөнүн саясатына кийлигишкен уюмдардын көбөйүшү мамлекетибиздин көз карандысыздыгына чоң коркунуч келтирет”

Кабардын башталышында “Кыргызстан эгемендүү жана демократиялык” өлкө экени баяндалган. Анда мамлекеттер аралык аренада Кыргызстандын орду бар экени, бирок 30 жыл ичинде “гуманитардык жардам деген атка жамынып” пайда болгон бейөкмөт уюмдар мамлекеттин ички саясатына кийлигишип, бүтүндүккө коркунуч жаратып жатканы айтылат. Бирок, бул маалыматтарга эч кандай шилтеме берилген эмес жана журналисттердин этикалык кодексин бузган.

Башкача айтканда, автор өзүнүн субъективдүү оюн айткан. Бул 2007-жылы кабыл алган Кыргыз Республикасынын журналисттеринин этикалык кодексинин 10-беренесине каршы келет. Анткени автор өзүнүн оюн факт катары көрсөтүүгө аракет кылган.

Белгилей кетсек, “Кыргыз Туусу” гезити Кыргызстандагы эң алгачкы гезит.

Жыйынтык: Биринчи бөлүмдө автор өзүнүн субъективдүү оюн таңуулаган жана журналисттердин этикалык кодексин бузган.

  • “Кыргызстанда 17 миңден ашуун бейөкмөт уюм бар жана алар ашыкча саясатташкан”

Маалыматтын экинчи бөлүгүндө автор Кыргызстанда 17 миңден ашуун бейөкмөт уюм бар экени жана Президент Садыр Жапаров алардын ачыктыгын камсыз кылуу үчүн атайын мыйзамды киргизгени белгиленген.

Президент Садыр Жапаров 2021-жылы 26-июнда “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү” мыйзамга кол койгон. Мыйзамга кирген өзгөртүүлөргө ылайык, бардык бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгү тууралуу отчетторун-бухгалтердик документтерди, банк эсептерин, уюмдун мүлкүн, ошондой эле кызматкерлеринин жеке маалыматтарын ачыкка чыгарууга милдеттендирет. Муну менен катар, кайтарымсыз негизде каражат алган коммерциялык эмес уюмдар жыл сайын 1-апрелге чейин салык органдарынын сайтына мурунку жыл үчүн каражат алган булактарын жана кайда сарпталгандыгы тууралуу маалыматты жайгаштыруусу керек болот.

Бирок мыйзамда мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин коммерциялык эмес уюмдары кирген эмес.

Бул мыйзамга кол койгонунун себебин Садыр Жапаров Кыргызстандагы айрым бейөкмөт уюмдар “ашыкча саясатташканы” менен байланыштырган. Ал мындай пикирин 21-октябрда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана айыл Өкмөт башчыларынын Республикалык кеңешмесинде билдирген.

Аталган мыйзамдын кабыл алынышы боюнча коомчулукта эки түрдүү пикир жаралган. Коомчулуктун бир бөлүгү мыйзамдын кабыл алынышын туура деп жактаса, экинчи тарап аталган мыйзам тандалма иштеп жатканын билдиришкен. Анткени, аталган мыйзам кабыл алына электе эле өкмөттүк эмес уюмдар мамлекетке жыл сайын ишмердүүлүгү тууралуу отчёт берип турары белгиленген.

Ошондой эле буга чейин “ПолитКлиника” медиасы “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү” мыйзамга кирген өзгөртүүлөрдүн көпчүлүк бөлүгү Россиянын мыйзамынын көчүрмөсү экенин аныктап чыккан.

<strong>“Кыргыз туусу” мамлекеттик гезити бейөкмөт уюмдарды жана Британиянын Кыргызстандагы элчисин бир жактуу каралаганы чындык (Фактчекинг)</strong>
<strong>“Кыргыз туусу” мамлекеттик гезити бейөкмөт уюмдарды жана Британиянын Кыргызстандагы элчисин бир жактуу каралаганы чындык (Фактчекинг)</strong>

Башкача айтканда, Кыргызстанда “Коммерциялык эмес уюмдар” жөнүндөгү мыйзам кабыл алынса да, иштөө принциби “тандалма” таризде белгиленгени жана “ашыкча саясатташкан” деген сөздүн кайсы уюмдарга багытталганы бүдөмүк бойдон келе жатат.

  • “ОCCRP уюму USAID, OFC сыяктуу уюмдардан каржыланат”

Кабардын үчүнчү бөлүгүндө OCCRP уюму тууралуу сөз болгон. Анда аталган уюм 2007-жылы түзүлгөнү жана USAID, OFC сыяктуу уюмдардан каржылана турганы айтылат.

OCCRP — дүйнө жүзү боюнча 50дөн ашык көз карандысыз маалымат каражаттарын бириктирген жана жыл сайын 100дөн ашык журналисттик иликтөөлөрдү жарыялаган коммерциялык эмес уюм. Аталган уюм бир гана Кыргызстанда эмес, дүйнө жүзүндөгү бир канча мамлекеттерде иш алып барат.

Кыргызстандагы ишмердүүлүгүндө мурдагы бажы башчысы Райымбек Матраимовдун 700 миллион доллардан ашык каражатты сыртка алып чыгып кеткени сыяктуу бир канча резонанстуу иликтөөлөрдү жасоого жардам берген.

Чынында автордун OCCRP тууралуу маалыматты Википедиядан чогултканын көрүүгө болот. Анткени Википедияда OCCRP уюму 2007-жылдан баштап иштей баштаганы айтылган. Бирок, уюмдун официалдуу сайтында коррупцияны иликтөөгө багытталган бул уюм 2003-жылдан баштап иштей баштаганы белгиленген.

Мындан сырткары OCCRP, финансы жактан жардам көрсөткөн уюмдарды да жашырбайт. Алардын арасында The Bay and Paul Foundations, Catharine Hawkins Foundation,  Open Society Foundations, USAID сыяктуу уюмдар бар. Мындан сырткары, уюмдагы иликтөөчү журналисттерди колдоо үчүн ар бир адам жардам көрсөтө ала турганы да белгиленген.

Маалыматта “Сорос Фондунун” Белорусия, Россия сыяктуу мамлекеттерде жабылганы жөн жерден эмес экени айтылат. Бирок, бир катар эксперттер бул көбүнчө өлкөдө саясий активдүүлүктү жана демократияны колдобогон өлкөлөрдө байкала турганын айтышат.

Жыйынтык: Маалыматта OCCRP уюму тууралуу маалыматтар далилсиз жана манипуляцияланган.

  • OTI уюму тууралуу

Билдирүүнүн кийинки бөлүгүндө USAID уюму тарабынан каржыланган Office of Transition Initiatives жөнүндө сөз болгон.

Анда бул уюм 2010-жылы Кубада ZunZuneo диверсиялык уюмун түзгөнү жана ал Кубадагы революцияларга себеп болгону айтылат.

Чынында бир катар ачык маалыматтарда OTI уюму Кубада Твиттердин анологу болгон ZunZuneo порталын түзгөнү жана ал колдонуучулардын интернетке байланышуусуна мүмкүнчүлүк бергени айтылат. Андан кийин, Associated Press маалымат агенттиги жүргүзгөн анализде буга АКШ бийлигинин тиешеси бар экени билдирилген.

Жыйынтык: OTI уюмунун Кубадагы “ZunZeneo” порталын түзгөнү чындык.

 

  • Британиялык элчи Чарльз Гаррет тууралуу жалган маалыматтар

Билдирүүнүн акыркы бөлүгүндө автор Эльмира Жуламбаева аттуу серепчиге шилтеме берип, өлкөдөгү башаламан саясий күчтөрдү уюштурууга Британиянын Кыргызстандагы элчиси Чарльз Гарреттин тиешеси бар экенин айткан.

Интернет тармагынан издеп көргөндө Эльмира Жуламбаева аттуу “саясий серепчи” тууралуу таптакыр маалымат жок экенин көрүүгө болот. Анын 2020-жылы “Эхо Кыргызстана” сайтындагы бир эле макаласы бар.  Шайлоочулардын тизмесинен дагы мындай жаран чыккан жок.

Ал эми жогоруда айтылгандар боюнча элчи Чарльз Гаррет түшүндүрмө берип, андагы маалыматтар чындыкка дал келбей турганын билдирген.

<strong>“Кыргыз туусу” мамлекеттик гезити бейөкмөт уюмдарды жана Британиянын Кыргызстандагы элчисин бир жактуу каралаганы чындык (Фактчекинг)</strong>

Бул маалыматка эмне себептен ишенүү кыйын?

  1. “Кыргыз Туусу” гезитинде “Батыштын саясатынын башкы максаты башка” деген макала автордун субъективдүү ою жана башка ресурстарга бир да шилтеме берилген эмес.
  • Кабарда ишенүүгө кыйын болгон Википедиянын орус тилдүү сайтынан маалыматтар алынган.
  • Көп учурда маалыматтар бир тараптуу берилип, тиешелүү далилдер келтирилген эмес.
  • Автордун “саясий серепчи” деп шилтеме берген автору — фейк.

Жыйынтык: “Кыргыз Туусу” гезитинде бейөкмөт уюмдар жана Британиянын элчиси тууралуу бир катар маалыматтар манипуляцияланган жана чындыкка дал келбейт.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты