«Соттор чыгарып жатат». Ниязбеков камактан бошотулган 4 журналист боюнча комментарий берди

  • 4 месяца мурун

Ички иштер министри Улан Ниязбеков 9-апрелде бошотулган 4 журналист боюнча «Кабар» маалымат агенттигине комментарий берди.

Анда ал журналисттерди соттор чыгарып жатканын айтты. «Азыр жетөөсү үй камагына чыкты. Соттор чыгарып жатат. Соттор бизге отчёт беришпейт. Эл аралык уюмдардын суранычы менен чыгарып жатышабы же өздөрү эле чыгарып атышабы аны биз айта албайбыз», — деди Ниязбеков.

Ошону менен катар эле министр алардын кармалышы боюнча эч кандай саясий себептер жок экенин айтты.

9-апрелде камактагы 4 журналист үй камагына чыгарылган.

Үй камагына чыккан журналисттер:
«ПолитКлиника» медиасынын иликтөөчү журналисти Тыныстан Асыпбеков;
«Нур Пресстин» журналисти Жоодар Бузумов;
«Арча медианын» журналисти Сайпидин Султаналиев;
«Темиров Лайвдын» мурдагы кызматкери Максат Тажибек уулу.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты