Сот экс-министр Алмаз Бейшеналиевге 1,5 миллион сом айып салды

  • 2 месяца мурун

Сот мурдагы билим берүү министри Алмаз Бейшеналиевге 1,5 миллион сом айып салды.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту билдирди.    

Экс-министр кылмыш-жаза кодексинирн 337-беренеси, кызмат абалынан кыянат пайдалануу боюнча күнөөлүү деп тапты. Андан тышкары ал үч жыл мамлекеттик кызматта иштөө укугунан ажыратылды.   

Алмазбек Бейшеналиев чет өлкөлүк студенттерди ата мекендик жогорку окуу жайларына киргизүү үчүн 110 миң доллар пара алуу фактысы менен кармалганын милиция 28-сентябрда түнү кабарлаган.
Бейшеналиевдин тарапташтары муну «чагым» деп атап жатышат.
Алмазбек Бейшеналиев 2022-жылы февралда билим берүү жана илим министри болуп экинчи ирет дайындалган.

Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлери өлкө бийлигине кайрылып, министр Алмазбек Бейшеналиевдин иши калыс иликтенишин камсыздап берүүнү суранышкан.

Тергөөнүн жүрүшүндө Бейшеналиев 62 миң 500 АКШ доллары өлчөмүндө пара түрүндө алынган акчанын калган бөлүгүн өз ыктыяры менен кайтарып берди.

Бейшеналиев келтирилген зыяндын ордун толук толтурганын, анын өнөкөт ооруларга чалдыкканын, туруктуу жашаган жери, жашы жете элек 4 баласы бар экенин, тергөөгө тоскоолдук кылбай тургандыгы эске алынып, анын баш коргоо чарасын камакка алуу түрүнөн үй камагына өзгөртүлгөн.

Сүрөттө: Алмаз Бейшеналиев. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты