Сот Азиза Абдирасуловага  3 миң сомдук айып салуу чечимин чыгарды   

  • 2 года мурун

Бүгүн, 25-ноябрда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту укук коргоочу Азиза Абдирасулованы күнөөлүү деп таап, 3 миң сом айып салуу чечимин чыгарды.

15-ноябрда “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун негиздөөчүсү, укук коргоочу Азиза Абдирасулованы милиция кызматкерлери кармап кеткен. Ушул эле күнү Сапар Аргымбаев да кармалган.

Абдирасулова менен Аргымбаевге  укук бузуулар кодексинин 128-беренеси, «Милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө» беренесинин негизинде протокол толтурулгандан кийин кое берилген.

15-ноябрда парламенттин алдына 30дай киши Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы акцияга чыгышкан. Милиция Ак үйдүн алдында акция өткөрүүгө соттун чечими менен тыюу салынганын билдирип, андан кийин акция Максим Горький атындагы гүлбакта улантылган.

Кемпир-Абад маселесине байланыштуу “массалык башаламандык уюштурууга даярдык көрдү” деген шек менен буга чейин 30 дай киши камакка алынган.

Сүрөт: «ПолитКлиника».

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты