Сокулук районунда 990 га жер мамлекетке кайтарылды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитти (УКМК) тарабынан Чүй облусунун Сокулук районунун Сары-Өзөн айыл аймагындагы 990 гектар жерди мамлекеттик кызмат адамдары тарабынан мыйзамсыз пайдалануу фактысы аныкталды

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы 28-майда маалымдады.  

Маалыматта айтылгандай, Сокулук районунун акиминин мурдагы орун басары Р.И.А., «өкүл баласы» болуп саналган «Нива» айыл чарба кооперативинин төрагасы А.М.Д. менен сүйлөшүп, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын балансында турган 990 га аянттагы жер тилкелерин мыйзамсыз пайдаланган. Аудитордук текшерүүгө ылайык, аталган жер участокторун мыйзамсыз пайдалануунун натыйжасында мамлекетке келтирилген зыян 2000-жылдан азыркы мезгилге чейин 74 млн.сомдон ашкан.

Мында кыймылсыз мүлк объекттери, анын ичинде дан кампалары, кампа жайлары, өндүрүштүк база мыйзамсыз менчиктештирилген. Р.И.А.га жана анын жакын туугандарына 54 кыймылсыз мүлк объектиси, анын ичинде Бишкек шаарындагы элиталык турак үйлөрдөгү батирлер, Сокулук районундагы соода жайлары, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы «Келечек» пансионатынын аймагындагы коттедж катталгандыгы аныкталды.

Коррупция фактысы боюнча кылмыш иши козголду. 21-майда  Октябрь райондук соту тарабынан кармалган А.М.Д. жана Р.И.А. жазаларды аткаруу кызматынын №21 мекемесине киргизилгени белгиленди.

Сокулук районунда 990 га жер мамлекетке кайтарылды
Сокулук районунда 990 га жер мамлекетке кайтарылды

Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты