Соцтармактагы “Айдоочулук күбөлүктү 5-7 күндө алып беребиз” деген аккаунттар канчалык ишенимдүү? Текшеребиз

Учурда Инстаграм, Тик-Ток социалдык тармактарында жана Телеграм-каналдарында “5-7 күндө айдоочулук күбөлүктүн бардык түрүн жасап беребиз” деген аккаунттар кайрадан активдүү иштей башташты. 

“ПолитКлиника” медиасы аталган аккаунттардын ишмердиги канчалык ишенимдүү жана мыйзамдуу экенин текшерип көрдү.

Соцтармактагы “Айдоочулук күбөлүктү 5-7 күндө алып беребиз” деген аккаунттар канчалык ишенимдүү? Текшеребиз #89985
Соцтармактагы “Айдоочулук күбөлүктү 5-7 күндө алып беребиз” деген аккаунттар канчалык ишенимдүү? Текшеребиз #89986
Соцтармактагы “Айдоочулук күбөлүктү 5-7 күндө алып беребиз” деген аккаунттар канчалык ишенимдүү? Текшеребиз #89987
Соцтармактагы “Айдоочулук күбөлүктү 5-7 күндө алып беребиз” деген аккаунттар канчалык ишенимдүү? Текшеребиз #89985 (preview)Соцтармактагы “Айдоочулук күбөлүктү 5-7 күндө алып беребиз” деген аккаунттар канчалык ишенимдүү? Текшеребиз #89986 (preview)Соцтармактагы “Айдоочулук күбөлүктү 5-7 күндө алып беребиз” деген аккаунттар канчалык ишенимдүү? Текшеребиз #89987 (preview)

Жогоруда көрсөтүлгөн аккаунттар сынактан өтө албай жүргөндөргө кыска убакта бардык категориядагы айдоочулук күбөлүк алып берүүнү убадалашат. Ал үчүн документтерди сүрөткө тартып, онлайн түрдө жиберүү керек. 

Кызмат акысы айдоочулук күбөлүктөгү категорияга карай 3500 сомдон 9000 сомго чейин жетет. Алар бул сумманын 50%ын белгилүү номерге бирдик катары салууну талап кылышат. Башка электрондук капчыктарды жана банктык эсептерди колдонушпайт. Акчаны жалаң гана бирдик түрүндө салыш керек.

Биз жогорудагы баракчалардын биринде көсөтүлгөн номерге Whats’App мессенджери аркылуу байланышып көрдүк. Алар айдоочулук күбөлүк алуу үчүн сынакка кирүүнүн зарылчылыгы жок экенин, Мамлекеттик каттоо кызматында тааныштары бар экенин, эч кандай жаралбасын билдиришти.

Соцтармактагы “Айдоочулук күбөлүктү 5-7 күндө алып беребиз” деген аккаунттар канчалык ишенимдүү? Текшеребиз

Айдоочулук күбөлүк негизи кантип алынат?

Айдоочулук күбөлүк алуу үчүн алгач сөзсүз автомектептерден билим алышы керек. 17 жаштан баштап айдоочулук күбөлүктү алууга уруксат берилген. Окуу жайга паспортту берип, эң аз эки жарым ай окугандан кийин “Унаа” мамлекеттик каттоо меккемесине барып каттоодон өтүшү керек. 

Алгачкы квалификациялык сынак теориялык жана практикалык болуп эки этаптан турат. Теориялык сынакты тапшырганга учурда Кыргызстан боюнча 25 экзамендик класс бар. Теориялык сынак 20 суроодон туруп, 18ден ашык суроого туура жооп берилсе, ийгиликтүү деп табылат. Андан кийин практикалык сынак 8 этап менен каралат. Анда унааны кантип айдап жатканы текшерилет. Бул кадамдын алтыдан ашык баскычын ийгиликтүү басып өткөн учурда гана айдоочулук күбөлүк алуу укугуна ээ болот.

Айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн паспорт, медициналык справка, окуу жайдан берилген жеке карточка жана күбөлүк керек болот. Андан соң сүрөткө түшүп, төрт күндүн ичинде айдоочулук күбөлүктү алса болот. Даяр болгондон кийин телефонго СМС-билдирүү келет.

Буга чейин дагы айдоочулук күбөлүк менен элди алдаган шылуундар кармалган

Эске салсак, 2022-жылы социалдык тармактарда онлайн айдоочулук күбөлүгүн жасап берген аккаунттар көбөйгөн. “ПолитКлиника” медиасынын журналисттери “Унаа” мамлекеттик ишканасына барып, ишкананын жетекчиси Бакытбек Шералиевге жолугуп баарлашкан. Анда иш кананын жетекчиси социалдык тармактарда жарыяланып жаткан маалыматтарды алдамчылар таратып жатканын айткан.

“Айдоочулук күбөлүгүн экзаменден өтүп, өзү барып сүрөткө түшүшү шарт. Жада калса бири-биринин ордуна экзамен тапшыра алышпайт. Сынак алган жерде камералар бар. Кубөлүк берилерден алдың үч комиссиядан өткөрүлөт.  Ал эми онлайн турдө заказ алабыз деген аккаунттар алар акча жасаш үчүн адамдарды алдап жүрүшөт,” — деп айткан Бакытбек Шералиев.

2022-жылы май айында Телеграм-каналы аркылуу айдоочулук күбөлүк саткан жаран кармалган. Ал социалдык мессенджерлерде “TOPDARKNET” интернет дүкөнүн түзүп алып, ар кандай пабликтерде МККда расмий катталган айдоочулук күбөлүктүн бардык категорияларын беш күндө даярдоо мүмкүнчүлүгү тууралуу кулактандырууларды тараткан. Милициянын маалыматынка караганда, ал кардарлардан акчаны онлайн которууну талап кылып, алдап акчасын алып келген.

2022-жылдын 7-мартында Караколдо 5 миң сомго айдоочулук күбөлүктүн бардык түрүн алууга жардам берем деген 32 жаштагы киши кармалган. Ал адамдарды алдап, акчасын алып качып жүргөнү айтылган.

Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Адинай Шаршеева 13-июлда Фейсбукта жарандарды соцтармактагы айдоочулук күбөлүк алып берүүнү убадалагандарга ишенбөөгө чакырган билдирүү жарыялаган.

Соцтармактагы “Айдоочулук күбөлүктү 5-7 күндө алып беребиз” деген аккаунттар канчалык ишенимдүү? Текшеребиз

Жыйынтык: Соцтармактардагы айдоочулук күбөлүктү 5-7 күндө онлайн жасап беребиз деген билдирүүлөр алдамчылар тарабынан жарыяланууда. Шылуундардын кайырмагына илинип калуудан сак болуңуз!

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты