Телеграм каналы аркылуу айдоочулук күбөлүк саткан жаран кармалды

  • 2 года мурун

Айдоочулук күбөлүк саткан интернет дүкөндүн уюштуруучусу кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына Мамлекеттик каттоо кызматында расмий катталган айдоочулук күбөлүк сатып жүрүүчү белгисиз жактар боюнча  маалымат келип түшкөн. 

Аталган маалымат Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБинин Тергөө кызматына Кылмыш-жаза кодексинин алдамчылык беренси менен каралган кылмыштын белгилери боюнча катталган. 

19-сентябрда атайын тергөө аракеттерин өткөрүү учурунда 2003-жылы туулган И.А. аттуу жаран аныкталап кармалган. Ал алдамчылык аракеттер, атап айтканда, социалдык мессенджерлерде «TOPDARKNET» интернет дүкөнүн түзүп алып, ар кандай пабликтерде МККда расмий катталган айдоочулук күбөлүктүн бардык категорияларын даярдоо мүмкүнчүлүгү тууралуу кулактандырууларды таратуу менен алектенгендигин айткан.

Ошону менен бирге акча каражаттар «О-Деньги» электрондук капчыгына түшүп, андан ары банктык картага чыгарылып турган.

Кароонун жүрүшүндө кармалган жак банктык картаны, ошондой эле «TOPDARKNET» интернет-дүкөнүнүн баракчаларына кошулган уюлдук телефонду өз ыктыяры менен берген.

Белгилей кетсек, И.А. аттуу жаран аталган интернет-дүкөндүн   уюштуруучусу жана ээси болгон, азыркы учурда ал Бишкек шаарынын ИИББнын Убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Кармалган жарандын кылмыштарынан жабыр тарткан башка адамдарды аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Эске салсак, “ПолитКлиника” медиасы бул боюнча видео материал жасаган. Телеграм каналында байланышуу үчүн topdarknet.kg баракчасы көрсөтүлгөн. Алар менен байланышсак Мамлекеттик каттоо кызматы менен байланыштары бар экенин билдиришкен. Экзаменди алардын балдары тапшырып берише турганын дагы айтышкан. Мындан улам төлөнө турганын сумманын жарымын алар айткан номерге бирдик катары салууну талап кылышкан. Бул маалыматты текшерүү үчүн “Унаа” мамлекеттик ишканасынын жетекчисинин орун басары Бакытбек Шералиев менен баарлашканбыз. Ал телеграм каналда жарыяланган маалыматтарды алдамчылар таратып жатканын айтып, аларга ишенбөөгө чакырган. Ошону менен катар эле чара көрүлө турганын билдирген. Биз ага чара көрүү үчүн жогорудагы номерди дагы бергенбиз. Телеграм каналда жарыяланган айдоочулук күбөлүктөрдү текшерип көрсөк чындыгында бар болуп чыккан. Бирок алар “биз алып бердик” деп жарыялап жаткан айдоочулук күбөлүктөр 2018-жылы алынган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты