Соцтармакта Израилде өндүрүлөт деп бойкот жарыялоо сунушталган товарлар чынында Кыргызстанга кайдан келет? Текшеребиз

Социалдык тармактарда “729 менен башталган штрих коддуу Израилден чыккан жөөттөрдүн товарларына бойкот жарыялансын” деген билдирүүлөр жарыяланып жатат. Билдирүүлөргө тиркелген сүрөттөрдөн тамак-аш чыгаруучу компаниялардан баштап, үй-тиричилик буюмдарын өндүргөн компанияларга чейин камтылган узун тизмени көрүүгө болот.

Сүрөттөрдө көрсөтүлүп жаткан суусундук, тамак-аш жана башка товарлардын баары Кыргызстанга Израилден келеби? Алардын коду чын эле 729 саны менен башталабы? 

“ПолитКлиника” медиасы социалдык тармактарда “бойкот жарыялансын” деп айтылып жаткан компаниялардын товарлары Кыргызстанга кайсы өлкөлөрдөн импорттолорун текшерип көрдү. 

Coca-Cola, Fanta, Pepsi 

Тизменин сап башында Coca-Сola, Fanta газдалган суусундуктары турат. Булар Coca-Сola корпорациясынын товарлары. Ал эми Кыргызстандагы дүкөндөрдүн текчелеринде турган суусундуктар Кыргызстандын аймагында, тагыраагы, Бишкек шаарында жайгашкан заводдо өндүрүлөт.

Ооба, Coca-Сola компаниясынын заводу Кыргызстанда дагы бар. Ал 1996-жылдан баштап иштей баштаган. Ал эми 2006-жылы түркиялык ири компаниялардын тобуна кирген Coca-Cola Icecek’тин жетекчилигине өткөн. Компания Кыргызстанда 300дөн ашуун жаранды жумуш менен камсыз кылат. 

Ал эми Кыргызстандын дүкөндөрүндө сатылган Coca-Сola суусундуктарынын таңгагында “544” саны менен башталган штрих код жазылган. Бул штрих код Бельгия өлкөсүнө таандык. Анткени “EAN International” штрих коддун европалык стандартына ылайык, продукцияларды штрих коддоо укугу товардык белгинин (бренддин) ээсине таандык. Ошондуктан кайсы өлкөдө чыгарылганына карабастан, Coca-Сola’нын пластик бөтөлкөсүндөгү штрих код 544 менен башталат.

Pepsi коңшу өлкө Казакстандан чыгарылып, Кыргызстанга импорттолот. 487 — бул Казакстандын товардык коду.

Соцтармакта Израилде өндүрүлөт деп бойкот жарыялоо сунушталган товарлар чынында Кыргызстанга кайдан келет? Текшеребиз

Бойкот коюла турган товарлардын арасында Lay’s кытырактары дагы бар. Бирок Кыргызстанга аталган компаниянын кытырактары Орусиядан импорттолуп келет. Буга далил катары кытырактардын таңгагында Орусияга таандык 469 штрих коду жазылганын көрүүгө болот. 

Lay’s — америкалык Frito-Lay компаниясы чыгарган продукциялардын бири. Компания бир катар өлкөлөрдө заводдорун ачкан. Орусиядагы заводу 1995-жылдан баштап ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. 

Соцтармакта Израилде өндүрүлөт деп бойкот жарыялоо сунушталган товарлар чынында Кыргызстанга кайдан келет? Текшеребиз

Өлкөдөгү дүкөндөрдө сатылып жаткан “Oreo” печеньеси дагы Орусияда өндүрүлөт. Бирок товардын штрих коду катары 762 саны көрсөтүлгөн. Аталган код Швейцария өлкөсүнө таандык. Анткени “Oreo” Mondelēz International компаниясына таандык. Бул дагы  “EAN International” штрих коддун европалык стандартына ылайык коюлган код.

Соцтармакта Израилде өндүрүлөт деп бойкот жарыялоо сунушталган товарлар чынында Кыргызстанга кайдан келет? Текшеребиз

Ал эми Mondelēz International компаниясына таандык Milka таттуулары Кыргызстанга Австриядан импорттолот. Штрих коду Швейцарияга таандык. Анткени Mondelēz International — швейцариялык компания. 

Соцтармакта Израилде өндүрүлөт деп бойкот жарыялоо сунушталган товарлар чынында Кыргызстанга кайдан келет? Текшеребиз

Colgate тиш жуучу пастасы 

Кыргызстандагы дагы бир белгилүү товарлардын бири Colgate тиш жуучу пастасы Израилден чыгарылары тууралуу билдирүүлөр да тарады. Бирок биз колдонуп жүргөн аталган паста Кытайда өндүрүлүп, Кыргызстанга импроттолот. Пастанын таңгагында Кытайга таандык 692 штрих коду жазылган. 

Соцтармакта Израилде өндүрүлөт деп бойкот жарыялоо сунушталган товарлар чынында Кыргызстанга кайдан келет? Текшеребиз

Tide кир жуучу каражаттарында Бельгияга таандык 541 штрих коду көрсөтүлгөн. Демек, Кыргызстанга импорттолгон бул кир жуучу каражаттын Израилге тиешеси жок. 

Соцтармакта Израилде өндүрүлөт деп бойкот жарыялоо сунушталган товарлар чынында Кыргызстанга кайдан келет? Текшеребиз

“Макдональдс” тез татымдарына жарыяланган бойкот

Израиль-ХАМАС согушу башталганда Израилдеги “Макдональдс” тез татым тармагы израиль аскерлерине бекер тамак-аш таратарын айтып чыккан. Бул кадам мусулман өлкөлөрүндө кескин сынга кабылып, ошол эле тез татым тармагынын араб өлкөлөрүндөгү өкүлдөрү дагы сынга алышты. Ал тургай Түркия, Ливан жана Египет өлкөлөрүндө “Макдональдсдын” тамактануучу жайларын талкалап кеткен учурлар болду.

Бойкот деген эмне? 

Бойкот — бул нааразычылык билдирүү максатында товарды сатып алуудан же башка иш-аракеттерге катышуудан баш тартуу

Дүйнөлүк практикада эң ири бойкоттор согуш учурларында, өлкөлөр, ишенимдер арасында келишпестиктер пайда болгон учурларда болгон. 

Мисалы, 2005-жылы Даниянын Jyllands-Posten гезити Мухаммед пайгамбардын 12 карикатурасын жарыялаганда Данияда жана башка өлкөлөрдө мусулмандардын массалык нааразылык акциялары башталган. Дамаскта жана Бейрутта Даниянын элчиликтерин талкалашкан. Мусулман мамлекеттер Даниянын товарларына бойкот жарыялаган. Анын кесепетинен өлкөнүн экономикасы, бир катар ири компаниялар миллиондогон доллар жоготушкан.  

Кыргызстан — Израиль соода алакасы

Албетте, Кыргызстан менен Израилдин ортосунда соода алакалары бар. Кыргызстандан Израилге бир катар товарлар экспорттолсо, ошол эле учурда Израилден бизге импорттолуп келет.

Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2023-жылдын январь-июль айларында эки өлкө арасындагы экспорт жана импорттун жалпы суммасы дээрлик 3 млн долларды түзгөн.  

Кыргызстандан көбүнчө жеңил өнөр-жай продукциялары: аялдардын, эркектердин кийим-кечелери экспорттолот. 

Ал эми Израилден импорттолгон товарлардын арасында косметикалык каражаттар, техникалар жана үй-тиричилик буюмдары басымдуулук кылат. 

Израиль жана Палестина согушу 

7-октябрда ХАМАС куралдуу тобу Израилге кол салып, 1400дөй киши мүрт кеткен. 200дөн көп кишини экстремисттик топ барымтага алган. Израиль армиясы согуш жарыялап, Газа тилкесине абадан сокку уруп, электр энергиясын, суу берүүнү токтоткон. 

ХАМАС көзөмөлдөгөн Газанын саламаттык сактоо министрлиги Израил армиясынын аба чабуулдарынан жети миңден көп киши каза тапканын билдирди. Бул маалыматты көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес болууда.

Жыйынтык: Социалдык тармактарда кыргызстандык колдонуучулар Израилде өндүрүлөт деп бойкот жарыялоого чакырган товарлардын көпчүлүгү эл аралык маркалардын товары. Алардын айрымдары Кыргызстандагы заводдордо өндүрүлсө, көпчүлүгү Орусия, Кытай, Казакстан жана Европа өлкөлөрүнөн алып келинет.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты