«Социал-демократтардын» төрагасы Темирлан Султанбековдун баш коргоо чарасы каралууда

  • 4 дня мурун

Бүгүн, 15-ноябрда Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда «Социал-демократтар» партиясынын төрагасы Темирлан Султанбековдун баш коргоо чарасы каралууда. Райсоттун имаратына журналисттерди жана Султанбековдун тарапташтары киргизилбей жатат. Бул тууралуу Kaktus.media кабарлады.

«Алар Темирлан Султанбековдун бардык тарапкерлерин жана журналисттерди Бишкектин Свердлов райондук сотунун имаратынан чыгаруу аракетин көрүшүүдө. «Социал-демократтардын» камакта отурган мүчөлөрүнүн иши боюнча келген бардык адамдардан сот имаратынан чыгып кетүүнү талап кылышууда, ошондой эле имараттын экинчи кабатына чыгууга тыюу салынды»,- деп айтылат маалыматта.

Соттук имараттын экинчи кабатына Темирлан Султанбековдун жакындары жана туугандары чыгууга аракет кылышкан. Бирок милиционерлер судьянын буйругуна таянып, экинчи кабатка эч кимди киргизбей жатканы айтылды.

«Ошол эле учурда Султанбековдун өзүнүн сотко алынып келингени да белгисиз»,- деп жазды Kaktus.media.

Эске салсак, кечээ 14-ноябрда Ички иштер министрлиги (ИИМ) жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына аттанган “Социал-Демократ” саясий партиясынын жетекчиси Темирлан Султанбековдун шайлоочулардын добуштарын сатып алууга шектелип, кармалганын билдирген. Анын Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын (ШИИББ) убактылуу кармоочу жайына камалганы белгилүү болгон.

Ошол эле күнү Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясы «Социал-демократтар» партиясын Бишкек шаардык кеңешке шайлоого катышуудан четтетүү чечимин кабыл алган.

13-ноябрдын кечинде 17-ноябрда өтө турган жергиликтүү кеңештерди шайлоого аттанып жаткан «Социал-демократтар» партиясынын штаб кеңсесине күч органдары келип, тинтүү жүргүзүшкөнү, ал жакка «Социал-демократтар» партиясынын төрагасы Темирлан Султанбековдун киргизилбей жатканы айтылган. Андан кийин Темирлан Султанбековду суракка алып кетишкени белгилүү болгон. Сурактан кийин Темирлан Султанбеков журналисттерге маек берип, «Социал-демократтар» партиясынын штаб башчысы Ирина Карамушкина менен партиянын тарапташы Роза Турксевердин кармалганын билдирген.

14-ноябрда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы (ШИИБ) «Социал-демократтар» партиясынын штаб башчысы Ирина Карамушкина менен партиянын тарапташы Роза Турксевердин шайлоочулардын добуштарын сатып алууга шектелип, кармалганын маалымдаган.

Сүрөт: Kaktus.media

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты