«Социал-демократтар» партиясынын төрагасы Темирлан Султанбеков ачкачылык жарыялаганы айтылууда
- 4 дня мурун
«Социал-демократтар» партиясынын төрагасы Темирлан Султанбеков 3 күндөн бери ачкачылык жарыялап жатканын партиянын мүчөсү Кадырбек Атамбаев жактоочуларга шилтеме берип, өзүнүн Фейсбук баракчасына жазды.
«Жактоочулар Темирлан Султанбеков 13-ноябрда укук коргоо органдары тарабынан мыйзамсыз камалгандан кийин дароо ачкачылык жарыялап, үчүнчү күндөн бери ага каршы болуп жаткан мыйзамсыздыктарга жана чектен чыккандыкка нааразылыгын билдирип, ачкачылык жарыялап жатканын билдиришти»,- деп жазган Кадырбек Атамбаев.
Эске салсак, кечээ 14-ноябрда Ички иштер министрлиги (ИИМ) жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына аттанган “Социал-Демократ” саясий партиясынын жетекчиси Темирлан Султанбековдун жана партиянын айрым мүчөлөрүнүн шайлоочулардын добуштарын сатып алууга шектелип, кармалганын билдирген.
Ошол эле күнү Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясы «Социал-демократтар» партиясын Бишкек шаардык кеңешке шайлоого катышуудан четтетүү чечимин кабыл алган.
13-ноябрдын кечинде 17-ноябрда өтө турган жергиликтүү кеңештерди шайлоого аттанып жаткан «Социал-демократтар» партиясынын штаб кеңсесине күч органдары келип, тинтүү жүргүзүшкөнү, ал жакка «Социал-демократтар» партиясынын төрагасы Темирлан Султанбековдун киргизилбей жатканы айтылган. Андан кийин Темирлан Султанбековду суракка алып кетишкени белгилүү болгон. Сурактан кийин Темирлан Султанбеков журналисттерге маек берип, «Социал-демократтар» партиясынын штаб башчысы Ирина Карамушкина менен партиянын тарапташы Роза Турксевердин кармалганын билдирген.
Андан кийин анын жактоочусу Айбек Турдуев менен Кадыр Атамбаев 14-ноябрда саат 4:30 чамасында өздөрүн милиция кызматкерлерибиз деп тааныштырган адамдар күч колдонуп, Темирлан Султанбековду атасы менен чогуу унаага салып, алып кетишкенин, андан бери алардын кайда кармалып турганы белгисиз экендигин айтышкан.