Сиань шаарында кыргыз-кытай соода борбору ачылды 

  • 2 недели мурун

Ачылыш аземи Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин жана Кытайдын Шэньси провинциясынын губернатору Чжао Ган баштаган эки тараптын мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин катышуусунда өттү. 

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин сайтында маалымат берилди.

Анда айтылгандай, борбордун жалпы аянты — 1000 чарчы метр. Мында Кыргызстанда өндүрүлгөн продукцияларды көргөзмөгө коюуга жана Кыргызстан тууралуу маалымат алууга, ошондой эле ишкерлер ортосунда эки тараптуу жолугушууларды өткөрүүгө болот.

Ошондой эле, Сиань шаарынын так ортосунда 200 чарчы метрди ээлеген Кыргызстандын соода күркөсүнүн ачылыш аземи болду. Бул күркөдө Кыргызстанда чыгарылган продукциялар сатылат. Ата-мекендик продукциялар оффлайн форматында гана эмес, Douying, Wechat жана Pingduoduo сыяктуу интернет-тиркемелери аркылуу да онлайн сатыкка чыгат.

Бул жалпы 1200 чарчы метр аянт Сиань шаарынын мэриясы тарабынан Кыргызстанга 3 жылга акысыз берилди. 

Андан соң эки тараптын делегация башчыларынын катышуусунда Кыргызстан менен Кытайдын Шэньси провинциясынын алдыңкы компанияларынын бизнес-форуму болуп өттү, ага эки тараптан 200дөн ашык компаниянын өкүлдөрү катышты.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты