Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын мөөнөтү жылдырылды

  • 2 года мурун

Тышкы иштер министрлиги Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин 10-декабрдагы Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын мөөнөтү жылганын билдирди.

Коңшу мамлекеттин башчысы Кыргызстанга ушул жылдын аягына чейин келет. Мындай чечим эки өлкөнүн президенттеринин сүйлөшүүсүнөн кийин кабыл алынганы айтылды.

«Бишкектеги Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин жыйынына Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов келет» деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга 9-декабрда келээри маалымдалган. Мирзиёевдин сапары учурунда бир катар документтерге кол коюлары айтылган.

9-декабрда Бишкекте Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын кезектеги саммити өтөөрү күтүлүүдө.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты