“Шайн мускатка” Кытайда жана Таиландда тыюу салынганбы? Фактчекинг
- 2 часа мурун
- Фактчекинг
Азыркы тапта “Шайн мускат” деп аталган жүзүм түрү коомчулукта, айрыкча соцтармактарда абдан популярдуу болууда. Бир тал сабагы 1200 сомдон 1500 сомго чейин сатылып жаткан бул жүзүм кадимки жүзүмдөн чоңдугу жана данегинин жоктугу менен айырмаланып турат. Соцтармактарда жүзүмдүн даамына болгон сындар да ар түрдүү, бири даамы жок десе, бири кадимки жүзүмдөн таттуу экендигин айтышууда.
Муну менен катар соцтармактардагы айрым колдонуучулар “Шайн мускат” жүзүмү ден соолукка зыян химикаттар менен байытылып өстүрүлөрүн жана мындан улам Таиландда жана Кытайдын өзүндө аны жегенге тыюу салынганын айтышууда. “Политклиника” медиасы бул маалыматтын канчалык чындык экендигин текшерип көрдү.
Таиланддагы “Шайн мускаттын” айланасындагы чуу жүзүмдүн тыюу салынышына алып келген эмес
Мындан үч жума мурун Таиландда да популярдуу болуп жаткан “Шайн мускат” жүзүмү боюнча коомдо резонанстуу талкуу болгон. Бул талкууга таиланддык Пестициддер боюнча эскертүү тармагы (Thai-PAN) жана Керектөөчүлөр кеңеши (TCC) деп аталган уюмдардын жарыялаган маалыматы себеп болгон. Бул эки бейөкмөт уюм Таиландда популярдуу болуп жаткан “Шайн мускат” жүзүмүнөн коркунучтуу химикаттар табылганын айтып чыгышкан.
25-октябрда Таиландда чыккан Bangkok Post гезити бул уюмдар аталган жүзүмдөн табылган химиялык калдыктар уруксат берилген денгээлден ашкандыгын аныктагандан кийин, “Шайн мускат” жүзүмүнүн булганганы боюнча эскертүү бергенин жазган.
Анда аталган жүзүмдүн 24 үлгүсү өлкөнүн ар кайсы жеринен, анын ичинде интернет дүкөндөрүнөн да чогултулуп алынып, аларга лабораториялык изилдөө жүргүзүлгөндүгү айтылат. Лабораториялык изилдөөнүн жыйынтыгында, “шайн мускаттын” 24 үлгүсүнүн 23үндө пестициддердин калдыктары табылып, бул калдыктар Таиландда уруксат берилген нормадан ашкандыгы аныкталган. Маалыматта 24 үлгүнүн тогузу Кытайдан импорттолгону, калган 15 үлгүнүн кайсы жерден алынып келингенин табууга мүмкүн болбогондугу айтылат.
“Дагы 22 үлгүдө 0,01 мг/кг максималдуу уруксат берилген концентрациядан ашкан 14 кооптуу химиялык калдык бар. Ошондой эле алардан жалпы 50 пестицид калдыктары бар, алардын ичинде Таиланддын мыйзамдарында жөнгө салына элек триасульфурон, цифлуметофен, тетраконазол жана флудиоксонил сыяктуу 22 пестицид кездешет”,- деп айтылат кабарда.
27-октябрда Тайланддагы Азык-түлүк жана дары-дармектерди көзөмөлдөө башкармалыгынын (FDA) жетекчиси Сурачоке Тангвиват жүзүмдүн үлгүлөрүнөн табылган 50 химикалык калдык уруксат берилген чектен ашпагандыгын, ал эми анын 14үнүн кооптуулугу тууралуу маалыматтын жоктугунан алар тизмеге киргизилбегендигин айткан. Ошондой эле Сурачоке булгангандыгы аныкталган импорттук азык-түлүктөр конфискация болорун жана булганган жемиштерди импорттоочуларга чара көрүлөрүн эскерткен.
Ал эми 8-ноябрда Азык-түлүк жана дары-дармектерди көзөмөлдөө башкармалыгы (FDA) кайрадан билдирүү таратып, анда чет жерден импорттолгон “Шайн Мускат” жүзүмү азык-түлүк коопсуздугунун бардык стандарттарына жооп бере турганын билдирген. Анда аталган башкармалыктын Азык-түлүк жана дары-дармектерди көзөмөлдөө бөлүмү Hold Test Release протоколуна ылайык химиялык заттардын калдыктарын текшерүү үчүн баасы 3 миллион бат (кыр. 7,5 млн сомдон ашык) болгон 6,93 тонна жүзүмдү текшерген.
“Башкы директордун орун басары Лертчай Лертвут жума күнү мөмө-жемиштер бардык ченемдик стандарттарга жооп бергенин, ошондуктан FDA аларды ички рынокто импорттоого жана сатууга уруксат бергенин айтты”,-деп айтылат билдирүүдө.
Кытайда “Шайн мускатка” тыюу салынганбы?
Японияда ойлоп табылган жүзүмдүн “Шайн мускат” түрү Кытайга 2006-жылы алып келинген. Бирок 2016-жылдан баштап гана аны өстүрүү толук өздөштүрүлүп, жергиликтүү фермерлер аны массалык түрдө өстүрө башташкан. “Шайн мускат” алгач элиталык жана кымбат баалуу жүзүм катары сатыла баштаган. “Кытай академиясы” медиасы жазгандай, башында анын бир сабагын 300-400 (3500-4700 сомдун тегереги) юанга сатышкан. Кийин аны өстүрүү абдан көбөйгөндүктөн жүзүмдүн баштапкыдай баасы да, баркы да түшкөн. Аталган медианын “Shine Muscat: «Жүзүмдүн Hermèsи» кытайлык керектөөчүлөргө оңой жеткиликтүү” аттуу макаласында Кытайда убагында “жүзүмдүн Hermèsи” деп аталган “Шайн мускат” учурда баасы арзандап, көчө дүкөндөрүндө да сатыла баштаганын жазган (ред.Hermès — кымбат баалуу буюмдардын бренди).
Бул макалада бул жүзүмдүн баасы гана эмес, сапаты да түшө баштаганы жазылган. Анда “Шайн мускат” көптөгөн карапайым адамдарга жеткиликтүү болуп калганы менен, анын даамы мурдагыдай болбой калганы айтылат. Автор мунун себеби: массалык өстүрүү, сапатка эмес, санга көңүл бөлө баштоо, ошондой эле конкуренциядан улам жүзүмдү толук бышканын күтпөстөн, эрте үзүп сатуу болушу толук мүмкүн экендигин жазат.
Бул макалада автор Кытай базарындагы “Шайн мускаттын” абалы боюнча жазган. Демек учурда бул жүзүмгө тыюу салынган эмес. Тескеринче ал массалык түрдө өстүрүлөт жана Кытай базарларында кеңири сатылат.
Жыйынтык: “Шайн мускаттан” таиланддык эки бейөкмөт уюм тарабынан зыяндуу химикалык калдыктар табылган. Бул окуя аталган өлкөдө резонанс жараткан. Бирок таиланддык Азык-түлүк жана дары-дармектерди көзөмөлдөө башкармалыгы (FDA) текшерүүдөн кийин, жүзүм бардык коопсуздук стандарттарына жооп бергенин айтып, “Шайн мускатты” ички базарда сатууга уруксат берген. Ошондой эле Кытайда да “Шайн мускатты” ички рынокто сатууга тыюу салынган эмес.
Сүрөт: интернет булактары