Шайлообек Атазовдун Баш мыйзамга каршы сунушу жана калпы (Фактчекинг)
- 2 года мурун
- Фактчекинг
15-июнь күнү Ак үйдүн алдында депутат Шайлообек Атазовго каршы митинг өттү. Акцияга чыккандар миграцияга кетип жаткан кыздар тууралуу депутаттын парламенттин жыйынында айткан сөзүн кескин сындап, Шайлообек Атазовдон мандатын тапшырууну талап кылышкан.
Атазов митингге чыккандар менен жолугуп, бул долбоорду “муктаждыктын” айынан сунуштаганын билдирген.
“Россияда жүргөн мигранттарыбыз айтып жатат. Кыздар ал жакка барганда иш менен камсыз болбой, өлүп келип жатышат деп. Окусун, иштесин, бирок, мамлекет коргоого алыш керек да. Алар бузулуп, ичип кетип жатканын ойлонушубуз керек. Биз Конституцияны бузган жокпуз, чыгып баратканда эле ата-энесинин уруксаты болсун деген пунктту коштук. Ата-энесинин уруксаты жок кеткен кыздар бар. Европа жана Америка мамлекеттеринде 21 жаштан уруксат берилген”, — деп айткан.
“ПолитКлиника” медиасы депутаттын айткандарын текшерип көрдү.
Кыздарды чектеген сунуш жана эки башка түшүндүрмө
Буга чейин Жогорку Кеңештин 9-июндагы отурумунда Шайлообек Атазов 18-20 жаштагы кыздарды миграцияга ата-энеcинин коштоосу менен же күйөөгө чыккандан кийин гана жиберүүнү сунуш кылган.
“Азыркы учурда мигранттар жөнүндө абдан көп маселелер бар. 18-20 жаштагы кыздарды чет өлкөгө ата-энелери менен чыгарсак же турмушка чыккандан кийин чыгышса. Андан кийин миграция тармагы келип бизге маалымат берсе, бул боюнча биз мыйзамдарды дагы карасак”, — деп айткан.
Бирок митингчилер менен жолугушуу учурунда Атазов сунушун башкача түшүндүргөн.
“Биз Конституцияны бузган жокпуз, чыгып баратканда эле ата-энесинин уруксаты болсун деген пунктту коштук. Ата-энесинин уруксаты жок кеткен кыздар бар”, — деген.
Башкача айтканда, депутат алгач “Ата-энеси же күйөөсү менен чет өлкөгө чыксын” деген сунушту айтып, кийин “Уруксат кагазын алсын” деп оюн өзгөрткөн. Мындан сырткары, митинг учурунда “жаш кыздар күйөөгө чыгып анан чет жакка чыксын” деген сөзүн кайталаган эмес.
Депутат канчалык бул сунуш Конституцияны бузбай турганын айтса да, долбоор баш мыйзамдагы бир канча беренеге каршы келет.
Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын 18 жашка толгон жарандары шайлоо укугуна ээ. Башкача айтканда, 18 жаштан өткөн жарандар мамлекеттин келечегин аныктай турган чечимдерди кабыл алууга катышат жана эрезеге жеткен адамдар деп кабыл алынат.
Баш мыйзамдын 24-беренесинде Кыргызстандын эч бир жараны жынысына, расасына же башка өзгөчөлүктөрүнө карата “дискриминацияга” учурабай турганы даана жазылган.
Ал эми депутат Атазов айткан сунуш бир гана кыздарга тиешелүү болгондуктан, жынысына карата дискриминация катары бааланат.
Мындан сырткары, депутаттын сунушу Конституциясынын 31-беренесине да тикелей каршы келет. Анткени бул беренеде, Кыргыз Республикасынын жараны өлкөнүн чегинен тышкары эркин чыгууга жана тоскоолдуксуз кайтып келүүгө укуктуу экени жазылган.
Демек, эрезеге жеткен ар бир Кыргызстандын жараны өлкөдөн эркин чыгып кирүүгө жана жашай турган жерин тандап алууга укуктуу. Ал эми эрезеге жете элек өспүрүмдөр ата-энесинин же ишенимдүү адамдардын коштоосу менен гана чет жакка чыга ала турганы мыйзамда бекитилген.
Жыйынтык: Депутат Шайлообек Атазов Кыргыз Республикасынын Башмыйзамына каршы келген сунушту айткан. Мындан сырткары, ал митингге чыккандар менен жолугуу учурунда, комитеттеги сөзүн салыштырмалуу өзгөртүп айткан.
“Европа жана Америка мамлекеттеринде 21 жаштан уруксат берилген”деген сөзү манипуляция
Шайлообек Атазов митингге чыккандар менен жолугушуу учурунда Европа жана АКШда дагы ушундай жагдай бар экенин билдирген.
“Бул ой да. Европа, Америка мамлекеттеринде 21 жаштан. Аларда эмне үчүн ушундай?”, — деп айткан.
Контексттен, сөз эмне жөнүндө болуп жатканын билүү кыйынга турат. Эгерде тема боюнча Атазов Европа өлкөлөрүндө 21 жаштан эмнеге уруксат берилгенин айтып жаткан болсо, бул чындыкка дад келбейт.
Европа жана Америкада Кыргызстан сыяктуу эле 16 жаштан кийин өздүгүн аныктоочу паспорт берилип, 18 жаштан кийин “эрезеге жеткен адам” деп саналат. Демократияны жактаган өлкөлөр катары бул мамлекеттерде “18-20 жаштагы кыздар чет өлкөгө чыкпасын” деген мыйзам жок.
Мындай чектөөлөр дүйнөдөгү кээ бир авторитардуу мамлекеттерде гана кездешет. Мисалы, Түркмөнстанда жаңы президент болуп шайланган Сердар Бердымухамедов түркмөн аялдарын чет өлкөгө чыгуусуна каршы мыйзам долбоорун кабыл алууну сунуштаган. Ал мындай чечимин “аялдар өлкөнү уят кылышууда” деп түшүндүргөн.
Башкача айтканда, мындай сунуштар аялдардын ролу коомдук турмушта өтө төмөн болгон мамлекеттерде эле сунушталып келет.
Жыйынтык: Калп. “АКШ жана Европа мамлекеттеринде 21 жаштан жогору чет өлкөгө жалгыз чыгарат” деген сындуу сөз чындыкка таптакыр дал келбейт.
Бул сунуш эмнеси менен кооптуу?
Статистикага ылайык, Кыргызстанда эркектерге караганда жогорку билимдүү аялдар көбүрөөк.
Бирок, жогорку окуу жайдан кийин тигил же бул себептерден улам абал өзгөрүп кетет. Кыргызстанда жогорку билимдүү аялдар көп болгонуна карабастан, алар ишмердүүлүктүн бардык чөйрөлөрүндө азыраак. Эксперттер муну аялдарга жүктөлгөн милдеттери – бала төрөө, аны багуу жана үй-тиричилик милдеттеринен улам эмгек дискриминациясына дуушар болуусу менен түшүндүрүшөт. Натыйжада бизде аялдардын жалпы санынын 43 пайызы гана иштейт.
Мындан сырткары, аялдар эркектерге караганда 25%га төмөн айлык алат.
Бул өз учурунда Кыргызстанда аялдар менен эркектердин укугун коргогон мыйзам болсо да, ал толугу менен иштебей турганынан кабар берет.
Мындан сырткары, Кыргызстанда аялдар эркектерге караганда көбүрөөк кыйынчылыкка туш болушат.
Статистикалык маалыматтарга ылайык, Кыргызстандын жумушсуз жана учпаган жарандарынын арасында аялдар эркектерге караганда эки эсе көп.
Aviasales изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстандагы 18 жаштан 35 жашка чейинки аялдардын 42%дан ашыгы учакта эч качан уча элек. Ошол эле учурда эркектердин 30%га жакыны гана аба каттамдарын колдонушкан эмес.
Башкача айтканда экономикалык теңсиздиктен жана жумушсуздуктан улам Кыргызстандагы аялдардын көпчүлүгү башка өлкөгө чыгуу мүмкүнчүлүгү жок. Ал эми Шайлообек Атазов сунуштаган мыйзам, Кыргызстандагы аялдарга байланыштуу абалды ого бетер курчутат деген божомолдор бар.
Жыйынтык: Депутат Шайлообек Атазовдун сунушу Баш мыйзамдагы бир канча беренеге каршы келет.