Шайлообек Атазов vs Нурбек Алимбеков. Чуулуу декларация жана Райымбек Матраимов менен байланышы 

Ош облусундагы Төлөйкөн округунан Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышкан талапкерлер Шайлообек Атазов менен Нурбек Алимбековдун тиреши бүгүнкү күнгө чейин уланып келет.

Шайлоодо, Нурбек Алимбековго салыштырмалуу 1911 добушка артта калган Шайлообек Атазов атаандашын добуш сатып алууга айыптап чыккан. Ал эми, Нурбек Алимбеков бул маалыматты четке кагып, кадыр-баркына шек келтиргени үчүн Шайлообек Атазовду сотко берген. Борбордук шайлоо комиссиясы Нурбек Алимбековдун жеңишин расмий жарыялаганы менен, Шайлообек Атазов шайлоонун жыйынтыгын таануудан баш тартып келүүдө. 

“ПолитКлиника” медиасы эки талапкерди анализдеп көрдү.

Нурбек Алимбеков жана чуулуу декларация

Нурбек Алимбеков 2010-жылы “Республика” партиясы менен Жогорку Кеңешке депутат болуп келген. Ал эми 2015-жылдан 2021-жылга чейин “Кыргызстан” фракциясы менен алтынчы чакырылыштын депутаты болуп иштеген. Politmer.kg сайтынын маалыматына ылайык, Нурбек Алимбеков депутат болуп иштеп жүргөндө экология жана өзүнүн иши тууралуу айткан. Бирок эки убадасын тең аткарган эмес

Шайлообек Атазов vs Нурбек Алимбеков. Чуулуу декларация жана Райымбек Матраимов менен байланышы 

Буга чейин Мамлекеттик салык кызматы Кыргызстандагы аткаминерлердин 2019-2020-жылдардагы декларациясын жарыялаган. Ага ылайык, Төлөйкөн округу боюнча шайлоодо утуп чыккан Нурбек Алимбековдун бир жылдык кирешеси 633 миң сом экени жана 66 чарчы метрлик үйү бар экени белгиленген.

Чынында, Нурбек Алимбековдун кирешеси башка депутаттардыкына караганда көп деле айырмаланбайт. Бирок үй-бүлөсүнүн кирешеси 2015-жылдан баштап бир топ өскөнүн көрүүгө болот. 

Шайлообек Атазов vs Нурбек Алимбеков. Чуулуу декларация жана Райымбек Матраимов менен байланышы 

Declarator.kg сайтындагы маалыматка ылайык, Нурбек Алимбековдун үй-бүлөсүнүн кирешеси 2015-жылы 489 миң сомду түзсө беш жылдан кийин бул сумма 27 миллион сомго көбөйгөн. 

Мындан сырткары, Нурбек Алимбековдун декларациясында жакын туугандарынын “Нур-Заман” жана “Дианур” курулуш компаниялары менен байланышы бар экени  көрсөтүлгөн. Бирок, бир топ ЖМКларда айтылгандай Нурбек Алимбековдун жубайы Гулназ Тороеванын жогорудагы эки коммпаниядан башка “Папан металл”, “Папан курулуш”, компанияларынын да негиздөөчүлөрүнүн курамында бар.

Белгилей кетсек, Нурбек Алимбековдун иниси Нурзаман Алимбеков жана жубайы Гулназ Тороева 2020-жылдагы Ош шаардык кеңештин депутаттарын шайлоодо “Кыргызстан” партиясы менен катышышкан. Азыркы учурда нурзаман Алимбеков Кара-Суу районуна караштуу Папан айылынын башчысы болуп саналат. 

Шайлообек Атазов жана Матраимовдор менен байланышы 

Шайлообек Атазов март айында Өмүрбек Текебаевдин ордуна депутаттык мандат алган. Ал 2015-жылдагы шайлоодо «Ата Мекен» партиясынын тизмесинде 25-орунда болгон жана «Улуттар Биримдигинин» квотасы менен кошулган. Ал эми 2020-жылдагы парламенттик шайлоого массалык добуш сатып алууга шектелген “Мекеним Кыргызстан” партиясынын курамы менен катышкан. 

Шайлообек Атазов vs Нурбек Алимбеков. Чуулуу декларация жана Райымбек Матраимов менен байланышы 

Мындан сырткары, Атазов коррупциялык аракеттерин моюнга алып, мамлекетке ири суммада айып төлөгөн Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов жана анын жакындарын бардык жерде ачык колдоп-коргоп келет. 18-февралда УКМК, кылмыштуу кирешелерди адалдоо жана коррупция беренелери менен мурдагы Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Райымбек Матраимовду кармаган. 19-февралда, Матраимовдун колдоочулары “Эркиндик” паркында “Матраимовго боштондук!” деген ураан менен митинг уюштуруп, аны Шайлообек Атазов жетектеген. Ошондой эле, ал өлкөдөгү “коррупциянын символуна” айланган Райымбек Матраимовду “кризистик менеджер” деп атап, жогорку кызматка коюуну да сунуштаган. 

Белгилей кетсек, Атазов 2018-жылдан тартып бир тууган Матраимовдорго таандык EREM спорт клубунда машыктыруучу болуп иштеген. Ал эми аталган клубдун директору Райымбек Матраимовдун тууганы Руслан Матраимовго таандык экенин Юстиция министрлигинин базасынан көрсөк болот. 

Шайлообек Атазов 2021-жылы депутат болуп келгендиктен,  Мамлекеттик салык кызматынын 2020-жылдагы отчетуна кошулган эмес. 

Диний чакырык жана айып пул 

Шайлоо алдындагы үгүт учурунда Шайлообек Атазов диний чакырык жасоо менен шайлоо мыйзамын бузган. Ал, Ош шаарынын тургундары менен жолугуу учурунда “Мектепте жоолукчан кыздарга тоскоол болуп, каршы чыгып жаткан директорлорду сот жообуна тартабыз жана аларга мыйзамдын кандай иштегенин көрсөтөбүз”, —деп айткан. 

Шайлообек Атазов vs Нурбек Алимбеков. Чуулуу декларация жана Райымбек Матраимов менен байланышы 

Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндөгү мыйзамынын 28-беренесине ылайык, шайлоо алдындагы үгүт учурунда диний чакырыктарды кылууга тыюу салынат. 

Шайлообек Атазов жогорудагы мыйзамды бузганы үчүн 7,5 миң сом өлчөмүндө айып пул төлөгөн

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты