Шайлообек Атазов: «Биз суракка чакырылганга арданбайбыз, Конституция бузулуп жатат»

  • 2 года мурун

Бүгүн, 1-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шайлообек Атазов кечээ үч прокуратура кызматкери суракка чакырып кеткенин айтты.

«Прокуратуранын иштерине нааразы болгон арыздар келип түшкөн. Биз кечээ күнү эл тарабынан түшкөн арыздарды Башкы прокуратура карап койсун деген оюбузду айтканбыз. Бизди кабинеттен үч прокуратура кызматкери суракка чакырып кетип жатат. Биз суракка чакырылганга арданбайбыз, Конституция бузулуп жатат. Биз мамлекеттүүлүк үчүн мамлекеттин саясатын колдогон депутаттарбыз. Кечээги биз берген маалыматтарды аягына чыгарып бериңиздер. Эки күндө жыйынтык беребиз деп айттыңар. Эгерде депутаттарды кабинетине чейин келип суракка чакырып кетсе мыйзам бузулдубу же бузулган жокпу», — дейт Атазов.

Шайлообек Атазов Башкы прокуратура аны 3 саат кармаганын жана агаларынан “парламентте сүйлөбөй отурсун” деп коркутуп жатышканын Фейсбук баракчасы аркылуу билдирген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты