Шайлоо жабдуулары жаңыртылат, видео камералар коюлат

  • 3 дня мурун

Алдыдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоолордо шайлоо жабдуулары жаңыртылат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) билдирди.   

Алар шайлоочуларды эсепке алуу үчүн — биометрикалык идентификациялоо үчүн жабдуу, добуштарды эсепке алуу үчүн — автоматтык эсептөөчү урналар – АЭУ,  добуш берүүнүн жыйынтыктарын жыйынтыктоо үчүн – БШК борбордук сервери, идентификациялоонун айкалыштырылган түзүлүшү(беш компоненттүү жабдуунун ордуна бир түзүлүш).

Түзүлүш беттин геометриясы, манжалардын папилярдык издери боюнча идентификацияны камсыз кылат, кандай гана типте болбосун, улуттук паспорттордун (анын ичинде электрондук документтин) маалыматтарын эсептейт жана идентификацияланган шайлоочуларга гана шайлоо бюллетенин басып чыгаруу функциясына ээ.

Мурдагыдай эле жаңыланган функциясы бар, бирок натыйжалуулугу жакшыртылган АЭУ колдонулат, бардык участкалар видиобайкоо камералары менен жабдылат, видеотартуу  жүргүзүлөт.  

БШКнын маалыматы боюнча, жергиликтүү кеңештерге шайлоолорду өткөрүүгө 495 миллион 718,4 миң сом жумшалат.

Шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо шайлоо күнүнө 30 календардык күн калганда, 2024-жылдын 18-октябрына чейин аяктайт.

Бишкек жана Ош шаарларынын, ошондой эле Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалсын деген жарлык кабыл алынды.

Сүрөт: shailoo.gov.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты