Шаардык сотто «Азаттыктын» банк эсебин бөгөттөө боюнча УКМКнын аракетине каршы арыз каралууда. Видеого тартууга уруксат берилген жок

  • 2 года мурун

Бүгүн, 26-январда Бишкек шаардык сотто «Азаттыктын» банк эсебин бөгөттөө боюнча УКМКнын аракетине каршы арыз каралууда.

Жактоочу видео жана аудио жаздыруу боюнча өтүнүч келтирди.

Соттор тарабынан аудио жаздырууга уруксат берилип, видеого тартууга уруксат берилген жок.

2022-жылдын октябрь айында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын бөгөттөө чечимин чыгарган. 31-октябрда радионун “Демирбанктагы” эсеби эч кандай эскертүүсүз жана түшүндүрмөсүз бөгөттөлгөн. Биринчи радио техникалык себептерден улам деген жүйө менен “Азаттыктын” берүүлөрүн обого чыгарууну 23-октябрдан баштап токтоткон. Буга “Азаттык” радиосунун дагы бир кызматы “Настоящее время” телеканалынын сайтында кыргыз-тажик чек арасындагы 14-17-сентябрдагы окуялар тууралуу видео материалы негиз болгонун билдиришкен. Министрлик өз арызын Кыргызстанда былтыртан бери иштеп баштаган “Анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамга негиздеген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты