Шаардык сот Орозайым Нарматованы камакта калтырды

  • 2 года мурун

Бишкек шаардык соту бүгүн, 28-декабрда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, активист Орозайым Нарматованыны бөгөт чарасын карап, камакта калтыруу чечимин кабыл алды.

Шаардык сот Нарматованы үй камагына же сыртка чыкпоо тил каты менен бошотуу тууралуу жактоочулардын өтүнүчүн четке какты. Биринчи Май райондук сотунун абак мөөнөтүн февралдын экинчи жарымына чейин узартуу чечими күчүндө калтырылды.

26-27-декабрда Бишкек шаардык соту Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу жактоочулардын өтүнүчүн карап, бардыгын четке какты.

27-декабрда Орозайым Нарматова сот отурумунда эсин жоготуп кулаган. Тез жардам кызматы келген соң кайра тергөө абагына жеткирилген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты