Шаардык сот оператор Акыл Орозбековду камакта калтырды

  • 6 месяцев мурун

Бишкек шаардык соту 2-февралда оператор Акыл Орозбековдун бөгөт чарасын карап, Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.

Ошондой эле, шаардык сот Орозбековдун кармалышын мыйзамдуу деп тапты.

16-январда «Айт, айт десе» жана «Темиров LIVE» долбоорлорунун, «Арча Медианын» жана «ПолитКлиника» басылмасынын 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү болуп, өздөрү ИИМдин Тергөө кызматына суракка алынып келген.

ИИМ медиа кызматкерлери Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (Массалык баш аламандыктар)  үчүнчү бөлүгү боюнча  (Бийлик өкүддөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып, 48 саатка убактылуу кармоочу жайга камалганын кабарлаган.

17-январда Бишкектин Биринчи май райондук соту «Айт, айт десе» жана «Темиров LIVE» долбоорлорунун, «Арча Медианын» жана «ПолитКлиника» басылмасынын 11 кызматкерин эки айга камакка алуу тууралуу чечим чыгарган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты