Шаардык сот Имамидин Ташовду 8 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды
- 4 недели мурун
Бүгүн, 17-июлда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Имамидин Ташовду чек араны мыйзамсыз өтүү беренеси менен актап, бийликти күч менен басып алуу беренеси менен 8 жылга эркинен ажыратуу чечимин кабыл алды.
Бүгүн шаардык сотто Имамидин Ташов акыркы сөзүн айтты.
Мен соттон ырайым сурабайм. Ырайымды күнөөлү адамдар сурашат. Мен бир гана нерсени – адилеттүүлүктү сурайм,-деди Имамидин Ташов.
-Мен сот жараянынын жүрүшүндө көп нерселерди жоготтум. Бирок эч ким адамдан тартып ала албаган нерселер бар. Алар – ар намыс, кадыр-барк, абийир жана адилеттүүлүккө болгон ишеним. Мен аларды сактап калдым жана сот кандай чечим чыгарбасын, мындан кийин сактап калам, -деди ишкер Ташов.
Имамидин Ташов УКМК тарабынан 2024-жылы 22-апрелде Чүй облусунун Панфилов районунун Кайыңды айылында бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деп кармалган.
«Ташов Кыргызстан жана Казакстандын мамлекеттик чек араларын Алматы шаарынан Кара-Балта шаарына чейин мыйзамсыз кесип өтүп, бийликти басып алуу максатында каршылык акциясын өткөрүү үчүн күчтөрдү бириктирүү боюнча убактылуу штаб уюштурууну пландап жаткан жеринен кармалды» деп айтылат УКМК маалыматында.
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Имамидин Ташовду сот тогуз жылга эркинен ажыратып, мүлкүн конфискациялоо чечимин чыгарган.
Сүрөт: RFE/RL




