Шаардык сот Актилек Капаровду камакта калтырды

  • 6 месяцев мурун

Бүгүн, 6-февралда Бишкек шаардык сотунда иликтөөчү журналисти Актилек Капаровдун баш коргоо чарасы каралды.

Шаардык сот Актилек Капаровду 13-мартка чейин Бишкектин №1 тергөө абагына камакта калтырды.

Ички иштер министрлиги 16-январда, көз карандысыз бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттеринин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, суракка алынып барышы боюнча маалымат тараткан. 12-январда экспертизанын корутундусуна ылайык,  “Айт Айт Десе” жана Temirov Live баракчаларына тиешелүү материалдарда жапырт башаламандыкка чакырыктардын белгилери бар деп аныкталган. Журналисттер 278-берененин 3-бөлүгү (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) боюнча шектелүүдө. Бул берене боюнча жаза 5 жылдан 8 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

«ПолитКлиника» медиасынын журналисти Тыныстан Асыпбековдун үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, аны ИИМдин тергөө башкармалыгына суракка алып кетишкен. Тыныстан Асыпбеков жапырт башаламандыкка чакырык боюнча кылмыш ишине шектелип жатат.

Кармалган 11 журналисттин баарынын үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн. ИИМ айыпталуучулардын жашаган жерин тинтүү учурунда документтер, уюлдук телефондор, фотораппараттар, ноутбуктар, компьютерлер, планшеттер, техникалык жабдуулар жана банктык карталар табылгандыгын билдирди. Жалпысынан 162 буюм алынгандыгы маалымдалган.

Кармалгандар аларга коюлуп жаткан айыпка макул эместигин айтып жатышат.

17-январда Бишкектин Биринчи май райондук соту «Айт, айт десе» жана «Темиров LIVE» долбоорлорунун, «Арча Медианын» жана «ПолитКлиника» басылмасынын 11 кызматкерин эки айга камакка алуу тууралуу чечим чыгарган.

Алар – «Темиров LIVE» редакциясынын кызматкерлери Максат Тажыбек уулу жана Акыл Орозбеков, кабарчысы Айке Бейшекеева, редакциянын мурдагы кабарчысы, «Нур пресс» медиасынын журналисти Жоодар Бузумов, «Темиров LIVE» редакциясынын, «Айт, айт десе» долбоорунун кызматкерлери Сапарбек Акунбеков жана Азамат Ишенбеков, аталган долбоорлордун директору, Кыргызстандан чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировдун жубайы Махабат Тажыбек кызы, «Темиров LIVE» редакциясынын мурдагы журналисти, учурда «Арча Медиада» (мурдагы Next TV медиасы) иштеген Сайпидин Султаналиев жана азыр «Алга Медианы» иштетип жаткан Актилек Капаров, ошондой эле Жумабек Турдалиев аттуу кызматкер жана 2022-жылы жайында «Темиров LIVE» каналынан кетип, ошол жылдын сентябрынан тартып «ПолитКлиникада» иштеп жаткан Тыныстан Асыпбеков.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты