Шаардык сот Адахан Мадумаровду абакта калтырды

  • 5 месяцев мурун

Бүгүн, 22-февралда Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровду абакта калтырды. Бул тууралуу шаардык соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Мадумаровдун жактоочусу анын бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча апелляциялык арыз берип, сот аны канааттандырган жок.

“Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду 2-сентябрда Бишкекте Ички иштер министрлигинин (ИИМ) атайын даярдыктагы отрядынын кызматкерлери кармап кеткен.

Адахан Мадумаровго Ички иштер министрлиги тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 323- беренеси (Мамлекеттик чыккынчылык) боюнча айып коюлгандыгы маалымдалган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты