“Сен баарыбызга укмуш эмоция тартууладың”. Президент  Мунарбек Сейитбек уулун куттуктады

  • 1 месяц мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-августта телефон аркылуу сүйлөшүүдө улуттук курама команданын мүчөсү, мушкер Мунарбек Сейитбек уулун Парижде өткөн Олимпиада оюндарында күмүш медаль утушу менен куттуктады.

Мамлекет башчы Мунарбек Сейитбек уулу өз жеңиши менен элибиздин, ата-бабаларыбыздын баатыр мүнөзүн дүйнө жүзүнө даана, так көрсөткөнүн белгиледи.

“Сен баарыбызга укмуш эмоцияларды тартууладың!” деди президент. Мамлекет башчы мындан туура бир жыл мурун Мунарбек Сейитбек уулун кабыл алганында, Союз маалында кыргыз бокс мектебинин атагы дүңгүрөп, андан кийин эгемендик жылдарында, тилекке каршы, солгундап, ал турсун унутулуп баратканы жөнүндө айтканын эске салды. Бирок анын жеңиши кыргыз мушкерлеринин уучу куру эмес – дагы деле күчтүү жана чоң жетишкендиктерге жөндөмдүү экенин далилдеп койду.

Садыр Жапаров улуттук курама команданын мүчөсүнө, анын машыктыруучуларына жана секунданттарына бул тарыхый жеңишке алып келген талыкпаган эмгеги жана аракети үчүн терең ыраазычылык билдирди.

“Сен бүткүл кыргыз элинин сөөгүн агартып, намысына жарадың, иним! Тарых жараткан жеңишиң менен дагы бир жолу куттуктайм! Азаматсың!” – деди Президент.

Өз кезегинде Мунарбек Сейитбек уулу Президент Садыр Жапаровго жана жалпы кыргыз элине колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, бул колдоо ийгиликке жетүүгө жардам бергенин белгиледи.

Сүрөт: Видеодон

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты