Сүрөтү порносайттан алынган: соцтармакта “чет өлкөлүк өкүл” мыйзамын колдогондор кимдер?
- 1 год мурун
- Баяндар, Фактчекинг
Ушул жылдын май айында коомчулукта “чет элдик агент мыйзамы” деген ат менен белгилүү “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга жана “Кылмыш-жаза кодексине” түзөтүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору кайрадан коомдук талкууга коюлуп, социалдык тармактарда кызуу талкууга жем таштады. Бул документтин биринчи вариантын депутат Надира Нарматова өткөн жылы сунуштап, ноябрь айында коомдук талкууга алып чыккан. Ал кезде мыйзам долбоорун кароо кийинкиге жылдырылып, жарым жылдан кийин ага Жогорку Кеңештин отуздан ашык депутаты демилгечи болуп кошулган. Бирок кийинчерээк кайра 20га жакын депутат аталган документке автор болуудан баш тартышты. Алар сунушталган мыйзам долбоорунда ашыкча чектөөлөр, адам укуктарына каршы келген жоболор бар экенин айтып чыгышкан.
Ушундан кийин социалдык тармактарда, атап айтканда, Фейсбукта Надира Нарматова бул мыйзам долбоорун аягына чейин алып чыгарына ишеним көрсөтүп, аны колдоо керек экени жазылган билдирүүлөр тарады.
Мындай билдирүүлөрдү тараткандардын сап башында Усубалы Каганат, Диана Айдарова, Кымбат Максатова сыяктуу УТРКнын кызматкерлери, президент Садыр Жапаровдун активдүү колдоочусу Бермет Биримкулова сыяктуу Фейсбук колдонуучулары болду.
Ошондой эле, Надира Нарматовага колдоо көрсөткөн жана ал сунуштаган мыйзамды колдоого чакырган билдирүүлөрдү бөлүшкөндөрдүн арасында өздүгү такталбаган анонимдүү аккаунттар дагы көп болду.
“Детектор” программасынын алкагында дал ошол фейк-аккаунттар тууралуу кеп кылабыз.
Нуржанат Камбарова
Өзүн “Нуржанат Камбарова” деп атаган аккаунт Фейсбукта ушул жылдын мартында пайда болгон. Бирок аккаунт июнь айына чейин анча активдүүлүк көрсөткөн эмес. 22-июнда Надира Нарматовага колдоо иретинде билдирүү жазып, эртеси ошол эле билдирүүнү түрдүү тайпаларга бөлүшүп чыккан. “Нуржанат” билдирүүсүндө Нарматова сунуштап жаткан мыйзам долбоору “өлкө үчүн пайдалуу экенин, ал эми айрым эркек депутаттар коркконунан мыйзам долбооруна бут тосуп жатышканынын” жазган. Ошондой эле ал фейк-аккаунттар арасында кеңири колдонулган ЛГБТ темасын дагы козгоп, “өлкөнү гейлер каптап кете электе” Нарматова сунуштаган мыйзам долбоорун колдоого чакырган.
“Нуржанаттын” башкы бетиндеги сүрөттү интернеттен издегенибизде сүрөттүн башкы булагы катары порнографиялык сайттарды көрсөтүп жатты. Аккаунт Токмок шаарында жашайм деп көрсөткөн. Андан башка өздүгүн тастыктоочу маалымат жок.
«Асел Нурсеит» аттуу бул аккаунт ушул жылдын апрелинде пайда болгон. Башкы бетине интернетте кеңири пайдаланылган сүрөттөрдүн бирин коюп алган.
Жеке баракчасында Гулнура Эрмекова, Талант Каниметов, Сапар Назаров, Хатиже Сулайманова сыяктуу фейк-аккаунттардын билдирүүлөрүн бөлүшүп турат.
24-июнда жеке баракчасында “Ноокаттан Сүйлөйбүз” деген аталыштагы аккаунттун Надира Нарматова тууралуу билдирүүсүн бөлүшкөн. Эртеси, 25-июнда ошол эле билдирүүнү Фейсбуктагы 44 (!) түрдүү тайпага таратып чыккан.
Депутат Надира Нарматованы колдоого чакырган жана аны мактаган билдирүүлөрдүн негизги генератору дал ушул “Ноокаттан Сүйлөйбүз” аккаунту. Аккаунт 2021-жылы февралда пайда болгон. Бул баракчада башында Ноокат районунан чыккан саясий, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, белгилүү адамдар тууралуу маалыматтар берилип келген. Кийин Ноокат районундагы маселелер талкууланып турган. Аккаунттун баракчасында ушул жылдын башынан тарта Надира Нарматова тууралуу билдирүүлөр көбөйгөн. Айрым депутаттар “Чет өлкөлүк өкүл” жөнүндө мыйзам долбооруна автор болуудан баш тарта баштаганда дал ушул аккаунт Надира Нарматованын аталган мыйзам долбоору боюнча видео кайрылууларын бөлүшүп, ал жөнүндө байма-бай билдирүүлөрдү таратып турду. Азыр дагы бул аккаунттун жеке баракчасында депутат айымдын ишмердиги тууралуу билдирүүлөр чыгып турат.
Белгилей кетсек, “Ноокаттан Сүйлөйбүз” аккаунту тайпа же баракча эмес, жеке адамга тиешелүү аккаунт болуп саналат.
Депутат Надира Нарматованы жана ал сунуштаган мыйзам долбоорун колдоого чакырган анонимдүү аккаунттардын бири — Алга Кыргызстан. Бул аккаунт ушул жылдын башында пайда болгон. Аккаунттун аталышында жана баракчанын өзүндө реалдуу колдонуучунун белгиси жок. Аккаунт ачылгандан тартып эле бейөкмөт уюмдарга жана көз карандысыз медиаларда каршы билдирүүлөрдү жазып, түрдүү тайпаларга таратып келет. Май айында Бишкектин Ленин бир мандаттуу округунан Жогорку Кеңештин депутатын шайлоо алдында талапкер Турсунбай Бакир уулунун пайдасына үгүт жүргүзгөн. Жеке баракчасында Бакир уулу менен өз ара тыгыз байланышта экенин көрүүгө болот. Бакир уулу бул аккаунтту өзүнүн билдирүүлөрүндө белгилейт жана аккаунт Бакир уулунун билдирүүлөрүн байма-бай бөлүшүп турат. Ал тургай, акканттун фонунда Турсунбай Бакир уулунун сүрөтү турат.
Белгилей кетсек, Турсунбай Бакир уулу дал ушул “чет элдик агенттер” жөнүндө мыйзам долбоорун алгачкылардан болуп демилгелегендердин бири. Ал 2013-жылы Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаты болуп турган кезде кесиптеши Нуркамил Мадалиев менен бирге аталган мыйзам долбоорун сунушташкан. Бирок мыйзам долбоору ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев тараптан колдоо тапкан эмес. Ага карабай бир жылдан кийин, 2014-жылы Бакир уулу, Мадалиев жана Надира Нарматова болуп сөз болуп жаткан документти кайрадан Жогорку Кеңешке сунушташкан. Мыйзам долбоору 2016-жылы кийинки чакырылыштын депутаттары тарабынан колдоо таппай, четке кагылган.
Ошентсе дагы Турсунбай Бакир уулу бүгүнкү күнгө чейин баштагы позициясынан кайтпай, аталган мыйзамды кабыл алуу зарыл экенин социалдык тармактарда дагы, атайын акцияларда дагы айтып келе жатат.
Депутат Надира Нарматова “чет өлкөлүк тыңчы” мыйзам долбоорун кайрадан демилгелеп чыккандан бери Бакир уулу мурдагы кесиптешине активдүү колдоо көрсөтүп, аталган документти эмне үчүн кабыл алуу керек экенин түшүндүрүүгө аракет кылып келет.
Алга Кыргызстан деп аталган аккаунт сөз болуп жаткан мыйзам долбоору боюнча жана Надира Нарматова тууралуу Турсунбай Бакир уулунун билдирүүлөрүн дайыма бөлүшүп турат. Ошондой эле аккаунт өзү дагы Надира Нарматовага колдоо көрсөткөн билдирүүлөрдү жарыялаган. Мисалы, 8-июлда Алга Кыргызстан Надира Нарматованын видео кайрылуусун “Кыргызмын деген адам Надира Нарматова эжеке айтып чыккан мыйзамынды сөзсүз колдошубуз керек” деген баяндоочу сөздөр менен бөлүшкөн.
Алга Кыргызстан аккаунту 8-июлда бөлүшкөн билдирүүнү өзүн “Сезим Тунук кызы” деп атаган аккаунт дагы эч нерсесин өзгөртпөстөн ар түрдүү тайпаларга тараткан.
“Сезим” өзүнүн баракчасында көп активдүү эмес. Бирок президент Садыр Жапаровдун жана бийликтин ишмердүүлүгү тууралуу билдирүүлөрдү түрдүү тайпаларга бөлүшүп келет. Башкы бетинде гүлдөрдүн сүрөтү турат. Жеке маалыматтар бөлүгүндө БМУда окуганын жана Бишкекте жашарын көрсөткөн. Андан башка өздүгүн тактай турчу маалымат жок.
Баса, жогоруда сөз болгон билдирүүнү УТРКнын кызматкер Усубалы Каганат дагы тогуз тайпага жана өзүнүн баракчасына бөлүшкөн.
Ошол эле билдирүүнү Фейсбуктагы “Айгерим Бекбоева” аттуу колдонуучу дагы эч кандай өзгөртүү киргизбестен түрдүү тайпаларга бөлүшкөн.
Бирок Надира Нарматовага колдоо көрсөткөн бул колдонуучу, эмнегедир, баракчасына башка адамдын сүрөтүн уурдап коюп койгон.
“Айгеримдин” баракчасындагы сүрөттөр мурун ВКонтакте социалдык тармагында казакстандык Мария Куланбекова аттуу колдонуучунун баракчасына жарыяланган.
“Айгерим Бекбоева” Фейсбукта өткөн жылдын аягында пайда болгон. Өзүнүн баракчасына уурдалган сүрөттөрдү жүктөгөндөн тышкары, башка постторду жарыялаган эмес. Бирок, кыязы, ал интернеттен алынган сулуу кыздын сүрөттөрүнүн жардамы менен жарым жылда 3 миңден ашык дос топтой алган. “Айгерим” жеке баракчасында анча активдүү болбогону менен, жогоруда көргөндөй, түрдүү тайпаларга саясатташкан билдирүүлөрдү бөлүшүп турат.
Белгилей кетсек, Фейсбукта “Айгеримдин” баракчасындагы сүрөттөрдү колдонгон дагы бир аккаунт бар. Аны жөн гана “Кыргызстан” деп атап коюшкан.
Бул эки аккантту бир эле адам колдонот деп божомолдоого болот. Себеби, эки аккаунт бири-биринин билдирүүлөрүн бөлүшүшкөн.
“Зарина Аманова” деген ат менен катталган бул аккаунт дагы жеке баракчасында эч кандай активдүүлүк көрсөткөн эмес. Бирок Фейсбуктагы түрдүү тайпаларда маалыматтык чуу жаратып, коомдук пикирди түзүүгө аракет кылгандардын бири. Баракчасында жеке маалыматтар бөлүмүн толтуруп койгону менен, башкы бетинде интернеттен уурдалган сүрөт турат.
“Зарина Аманова” 25-июнда депутат Надира Нарматованы колдогон жана ал сунуштаган мыйзам долбооруна автор болуудан баш тарткан депуттарга нааразычылыгын билдирген билдирүүнү 50 тайпага (!) бөлүшкөн.
Чынында ал бөлүшкөн билдирүүнүн түн нускасын Койчуманова Асель аттуу колдонуучунун баракчасынан көрүүгө болот. Бул колдонуучу сүрөттөрүн ар түрдүү маскалар менен өзгөртүп салгандыктан, анын реалдуу колдонуучу болуп-болбогонун аныктай алган жокпуз. Бирок “Асель” дагы фейк-аккаунттар жана УТРКнын кызматкерлери менен дос экенин көрүүгө болот.
Аталышы жөн гана тамгалардын топтомунан турган бул аккаунттун баракчасында динге байланыштуу цитаталар гана бар. Башкы бетинде жаратылыштын сүрөтү турат. Бул аккаунт 7-июлда Исфандияр Кадыров аттуу колдонуучунун “Ысык-Көлдө ЛГБТ өкүлдөрү майрам өткөргөнү”, эгер Надира Нарматованын бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзам долбоору кабыл алынбаса, “абал мындан дагы жаман болору” жазылган билдирүүсүн ар кайсы тайпаларга бөлүшкөн.
Албетте, Надира Нарматова баштаган депутаттардын тобу сунуштап жаткан “Коммерциялык эмес уюмдар” жөнүндө мыйзам долбоорун социалдык тармактын чыныгы колдонуучулары дагы колдоп жатканын эстен чыгарбоо керек. Бирок жогорудагы мисалдар аталган демилге боюнча фейк-аккаунттардын жардамы менен коомчулукта жасалма пикир жаратуу аракети болуп жатканын айгинелеп турат.
Белгилей кетсек, материалдын башында сөз болгон УТРКнын кызматкерлеринин ысымы “Чекит Медианын” «Президент фейктердин колдоосуна муктажбы?» деген аталыштагы иликтөөсүндө дагы аталган.
Анда Улуттук телерадио корпорациясындагы маалыматты социалдык медиа аркылуу жайылтуучу бөлүм менен бийликтин баскан-турганын мактап-жактаган жана оппозицияны, бейөкмөт уюмдарды, көз карандысыз маалымат каражаттарын каралаган фейктердин байланышы тууралуу баяндалган. Ошондой эле, иликтөөдө фейк фабриканын артында президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков турабы деген суроо да көтөрүлгөн. Иликтөөдө айтылгандарды Орунбеков, кийин УТРК дагы четке каккан.