Сахара чөлүндө нөшөрлөгөн жамгыр жаады
- 1 месяц мурун
Марокконун түштүк-чыгышындагы Сахара чөлүндө, дүйнөнүн эң кургак жеринде нөшөрлөгөн жамгыр жаады. Associated Press агенттиги жарыялаган сүрөттөрдө жамгырдын канчалык жааганын көрүүгө болот.
Тата шаарында эки күндө жылына орточо жааган жамгырдан да ашып кетти. Марокконун борбору Работа шаарынан 450 чакырымдай алыстыктагы Тагуните айылдык коомунда бир суткада 100 миллиметр жамгыр жаады. Мындай кыска убакытта жааган жамгыр акыркы 30-50 жылда болбогонун Марокконун метеорологиялык башкармалыгынын башчысы Хуссин Юабеб билдиргенин AP агенттиги жазды.
Сентябрь айынын башында Марокко менен Алжирде нөшөрлөгөн жаандан 20дан ашык адам каза тапкан.
Сүрөт: AP
Муну бөлүшүү