Садыр Жапаров жапон ишкерлери менен жолугушту

  • 1 неделя мурун

Бүгүн, 27-сентябрда президент Садыр Жапаров Жапониядан келген бизнес өкүлдөрү менен жолугушканын президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, жолугушууда жапон ишкерлери медицина, анын ичинде диагностикалык борборлорду түзүү жана бул мекемелердин медициналык кызматкерлерин окутуу сыяктуу тармактарда кызматташууга кызыкдар экендиктерин билдиришкен. Ошондой эле алар банк иши, туризм, энергетика жана спорт тармактарында иштөөгө даяр экендиктерин кошумчалашкан.

Ал эми Садыр Жапаров акыркы жылдары өлкөнүн экономикасына түз чет элдик инвестициялардын агымы көбөйгөнүн айтып, Кыргызстан чет өлкөлүк өнөктөштөр менен активдүү диалогго жана кызматташууга ачык экенин баса белгилеген.

«Жолугушуунун аягында Президент Садыр Жапаров экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиевге япон ишкерлери менен тыгыз байланышта болуп, пайда болгон маселелерди чечүүдө аларга ар тараптуу жардам көрсөтүүнү тапшырды»,-деп айтылат маалыматта.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты