Садыр Жапаров Ысык-Көлдө ооз ачар өткөрдү
- 1 год мурун
Президент Садыр Жапаровдун атынан Жети-Өгүз, Ак-Суу, Түп райондорунун жана Каракол шаарынын тургундарына ооз ачуу өткөрүлдү. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
«Президенттин атынан министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Илияз Иманбетов катышты. Алар президенттин атынан сөз сүйлөп, конокторду ыйык Рамазан айы менен куттукташты», — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, буга чейин президент Бишкектеги имам Сарахси атындагы республикалык борбордук мечитте ооз ачуу өткөргөн.
Муну бөлүшүү