Садыр Жапаров Бишкектеги борбордук мечитте ооз ачар өткөрдү

  • 1 год мурун

Президент Садыр Жапаров кечээ, 7-апрелде Бишкектеги имам Сарахси атындагы республикалык борбордук мечитте ооз ачар өткөрдү. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев маалымдады.

Султанбаев билдиргендей, Садыр Жапаров чогулгандардын алдында кыскача сөз сүйлөп, аларды ыйык Рамазан айы менен куттуктады.

«Ал ыйык айда Кыргызстандын эли жасаган жакшы иштери көбөйүп, үзүрүн көрүшүн, үй-бүлөдө, коомдо тынчтык жана достук бекемделе беришин каалады.

Президент Жапаров адамдын руханий жана ар тараптуу тазаланышына өбөлгө түзгөн чыдамдуулук, токтоолук сыяктуу баалуулуктар жогору коюлган бул өзгөчө учур экенин белгиледи. Дал ушул принциптер адамдарды бириктирип, боорукер, кайрымдуу кылып, көп улуттуу коомдо тынчтыкты жана ынтымакты сактоого салым кошот«, — деп жазды Султанбаев.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты