Садыр Жапаров Ысык-Көлдөгү төрт пансионаттын Өзбекстанга башкарууга берилишине байланыштуу комментарий берди

  • 11 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маек учурунда Ысык-Көлдөгү төрт пансионаттын Өзбекстанга ижарага берилишине байланыштуу комментарий берди.

Жапаров 2016-жылы ошол кездеги премьер-министр Темир Сариев пансионаттарды Өзбекстандан популисттик кылып алып койгонун, Кыргызстан эл аралык сотто утулуп калганын айтты. Ал кыргыз тарап 40 миллион долларды төлөй албарын, ошондуктан Өзбекстанга пансионаттар 49 жылга берилгенин белгиледи.

«4 пансионат боюнча кеп мындай. 2016-жылы Темир Сариев премьер-министр болуп турганда мен ачыгын айтайын, популисттик кылып эле алып койгон. Архивдик кагаздарды окуп чыгып, келечегин жакшылап карап, жети өлчөп бир кесиш керек эле. Тагыраак айтсам, эл аралык соттон утулбай турган болсок анан алып койсо болмок.

Ошол эле жылы өзбек тарап Вашингтонго эл аралык сотко 65 миллион долларга доо арыз бериптир. 2017-жылы Сапар Исаков өзбек тарапка кат жөнөткөн экен: «Тынчтык жолу менен чечели, силерге 4 пансионатты кайра берели, силер эл аралык соттон доо арызыңарды алып койгула»,- деп. Алар алган эмес. Кечээ жакында, май айында эл аралык сот кыргыз тарап 40 миллиондон ашыгыраак доллар төлөйсүңөр деген чечим чыгарды. Биз эки жак келишип, «Анча акчаны төлөй албайбыз. Андан көрө силер 49 жылга алгыла, 4-5 жылдыздуу мейманканаларды кургула» деп келиштик. Ал пансионаттардын ахывалын көрсөңөр аткана. Биз өзүбүз жакынкы 15-20 жылда ал пансионаттарга бир тыйын сала албайбыз. Башка жыртык-тешиктерибизди бүтөй албай жатып ал пансионаттарга кайдагы акча.

Ал 4 пансионатты саталы десек 40 миллионго эмес 4 миллион долларга эч ким сатып албайт. Ал эми 5-10 жылга бербейлиби деген бул түркөйлүк. 4-5 жылдыздуу жатаканаларды куруп бүткүчө эле 5-10 жыл кетет. Анан кайсы мамлекет короткон акчасын актабай туруп биз үчүн куруп бермек эле. «Кемпир-Абад» кетти» дегендер же сабатсыздар, акылсыздар же ичи кир адамдар. Кемпир-Абад кеткен жок. Келди. Мындан ары 50/50 башкарабыз деп 50 пайызын алып койдук. Мурда 50 пайыз эмес, 50 метр жакын жолой албайт элеңер го? Же калппы? Биз ар бир жасаган ишибиз, кабыл алган чечимибиз үчүн 50 жылдан кийин дагы бетибиз кызарбай жооп берүүгө даярбыз. Ар бир жасаган ишибиз мамлекет үчүн, эл үчүн гана болот. Андыктан кайсы бир сайттар, кимдир бирөөлөр кайсы бир иште резонанс жараткылары келсе андайларга көңүл бурбагыла»,- деп айткан Жапаров.

Белгилей кетсек, буга чейин Ысык-Көлдүн жээгиндеги төрт пансионат Өзбекстанга 49 жылга башкарууга берилери айтылган. Сөз “Дилором”, “Золотые пески”, “Рохат” жана “Бустон” пансионаттары жөнүндө болуп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты