Садыр Жапаров туристтердин коопсуздугун камсыздоо боюнча иш-чараларды күчөтүүнү тапшырды
- 1 год мурун
Президент Садыр Жапаров туристтердин коопсуздугун камсыздоо боюнча иш-чараларды күчөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.
«Президент Садыр Жапаров Ички иштер министрлигине, Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө эс алуучулар менен туристтердин коопсуздугун камсыздоо боюнча профилактикалык иш-чараларды күчөтүүнү, анын ичинде суу транспортунун ишмердигин тартипке салууга өзгөчө көңүл бурууну тапшырды», — деди Султанбаев.
Чолпон-Атада скутер үч адамды сүзүп кетип, анын экөөсү каза болду.
Муну бөлүшүү