Садыр Жапаров: «Мамлекеттин эмне болоорун 20-30 жыл алдын ала көрө билген жагым бар»

  • 11 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров «Кабар» улуттук маалымат агенттигине маек курду. Анда өлкө башчысы Бишкектеги испаниялык «Барселона» футбол клубунун ардагерлери катышкан мелдеш, Орок айылындагы стадиондун курулушу, Чолпон-Ата шаарындагы «Акылман» президенттик лицейи тууралуу суроолорго жооп берди.

Жапаров «Акылман» окуу жайы мамлекеттин келечеги үчүн маанилүү экенин белгилеп, өзүнүн келечекти алдын ала көрө билген шыгы, туюму бар экенин, айтканы дайыма туура чыгарын белгиледи.

«Башкы максатым — өлкөдөгү таланттуу, зирек, акылдуу балдар-кыздарды чогултуп, аларды 7-класстан баштап мектепти бүткөнгө чейин окутуп, ошол мектептен жогорку окуу жайларга жиберүү. Жогорку окуу жайларды бүткөндөн кийин ар бирин калтырбай мамлекеттик иштерге тартуу максатын көздөп турам. Антпесек Кыргызстан эгемен болгондон бери кадр даярдоо дегенди унутуп койгон. Тааныш-билиш, тууган-урук, жердешчилик жака ооп кеткенбиз. Биз фундаментинен баштап даярдайлы деп жатабыз. Ошондо гана Кыргызстандын келечегин бир кылым алдын ала көрө билген, келечегин аныктай ала турган кадрларды даярдап чыгабыз. Бул биздин мамлекеттин келечеги үчүн абдан маанилүү. Мен мактангандай болбоюн. Мамлекетибиздин эмне болоорун, кайсы жол менен кетсек түз жолго түшөөрүн 20-30 жыл алдын ала көрө билген жагым бар. Алдын ала айткандарым дайыма туура келип калат. Бул мага Кудай тарабынан берилген сезим болсо керек. Негизи ар бир адамда болот мындай алдын ала сезимдер. Учурда болуп жаткан жагдайларды көрүп туруп эле келечеги кандай болоорун божомолдоп койсоң болот»,-деп айтты президент.

Ошондой эле, Орок айылындагы жаңы стадион толугу менен мамлекеттик бюджеттин эсебинен куруларын айтты.

Эске салсак, президент 30-августта Бишкек шаарынын чет-жакасындагы Орок айылына жаңы стадиондун курулушуна капсула салган.

Долбоорго ылайык, жаңы стадиондун жалпы аянты болжол менен 109 миң чарчы метрди түзөт. Жалпы сыйымдуулугу 35 миң орун, ачык жана жабык VIP-орундар, ошондой эле комментаторлор менен журналисттер үчүн 200 орун каралган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты