Садыр Жапаров мамлекеттик тил жөнүндө конституциялык мыйзамга кол койду

  • 9 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров “КР мамлекеттик тили жөнүндө” (17-июль 2023-жылы № 140) КР конституциялык Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, мыйзам 2023-жылдын 31-майында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 13-беренесин иш жүзүнө ашыруу максатында иштелип чыккан, ага ылайык кыргыз тили Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили болуп саналат жана мамлекеттик тилди колдонуу тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат.

Конституциялык Мыйзамдын жаңылыктары болуп төмөнкүлөр саналат:

1) 3-берененин 2-бөлүгү менен мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдар Кыргыз Республикасынын жарандарына, Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга жайылтылат деп аныкталган;

2) 4-беренеде мамлекеттик тилин милдеттүү пайдалануу чөйрөлөрү аныкталган, тактап айтканда мамлекеттик тил милдеттүү түрдө колдонулууга тийиш экендиги катары төмөнкү чөйрөлөр белгиленген:

– мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, менчиктин бардык формаларындагы ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын ишинде;

– шайлоолорду жана референдумдарды даярдоо жана өткөрүү процессинде;

– Кыргыз Республикасынын сот өндүрүшүндө, Куралдуу Күчтөрүндө, укук коргоо органдарында;

– Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерди түзүүдө;

– ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууда, иш кагаздарын жүргүзүүдө жана документ жүгүртүүдө;

– мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, менчиктин бардык формаларындагы мекемелердин жана уюмдардын аталыштарында;

– географиялык аталыштарда жана топонимика объекттеринин аталыштарында, адам аттарында;

– товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматтар;

– нотариалдык конторалардын ишинде, Кыргыз Республикасынын жаранынын инсандыгын ырастоочу документтерди жол-жоболоштурууда, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктөрдүн бланктарын даярдоодо, билими жөнүндө жана (же) квалификациясы тууралуу документтерди жана мамлекеттик үлгүдөгү башка бланктарды жол-жоболоштурууда;

– билим берүү, илим, маданият чөйрөлөрүндө, телекөрсөтүү жана радиоуктуруу программаларында, жалпыга маалымдоо каражаттарында, китеп басып чыгарууда, компьютердик программалардын жана веб-сайттардын пайдалануучулар интерфейстеринде, эл алдындагы иш-чараларда, жарнама, транспортто, керектөөчүлөрдү тейлөө чөйрөсүндө;

– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган башка чөйрөлөрдө.

3) 11-беренеде (Мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдардын аталыштары) биргелешкен, чет өлкөлүк уюмдардын аталыштары мамлекеттик тилде транслитерациялоо менен жазылат. Кыргыз тилинин жазуу тамгаларынын транслитерациясын колдонуу эрежелери мамлекеттик тил саясаты боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет деп аныкталган;

4) 20-берене менен телерадио уюмдары үчүн мамлекеттик тилде берүүнүн милдеттүү (минималдуу) көлөмү 60 пайыздан кем болбошу керек жана көрсөтүү тартиби «Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленет. Менчигинин формасына карабастан телерадиокомпаниялар өз берүүлөрүнүн 60 пайызынан кем эмесин мамлекеттик тилде алып барышат деп аныкталган (21-берене 2-бөлүк).

5) мамлекет китеп басып чыгаруу жана китеп жайылтуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик тил анын ичинде көрүү мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн жеткиликтүү форматта (аудио форматта же Брайл шрифти менен) мамлекеттик тилге которууга жана басып чыгарууга көмөк көрсөтөт (23-берене);

6) 32-берене менен мамлекеттик тилди билүүгө жана аны кызматтык милдеттерин аткарууда пайдаланууга милдеттүү адамдардын тизмеси аныкталган.

Буларга төмөнкүлөр кирет:

– Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде белгиленген тизмедеги мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар;

– Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, жергиликтүү кеңештердин депутаттары;

– Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кызматчылары;

– ички иштер жана башка укук коргоо органдарынын офицердик жана жетектөөчү (орто жана жогорку) курамындагы адамдар, башка органдардын атайын наамдар ыйгарылуучу кызмат адамдары;

– ички иштер органдарынын жана башка укук коргоо органдарынын атайын наамдар ыйгарылуучу катардагы, сержанттык жана старшиналык курамындагы адамдар;

– соттор;

– прокурорлор;

– адвокаттар;

– нотариустар;

– бардык менчик формаларындагы окуу жайларынын жетекчилери, кызматкерлери;

– билим берүү мекемелерине жана/же илимий мекемелерге чакырылган жана илимий, педагогикалык, илимий-педагогикалык кызматкерлер же чет тил окутуучулары катары убактылуу негизде иштеп жаткан чет өлкөлүк жарандардан же жарандыгы жок адамдардан тышкары, педагогикалык, илимий-педагогикалык жана илимий кызматкерлер;

– мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо мекемелеринин медициналык кызматкерлери;

– Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналбаган адамдардан тышкары мамлекеттик жана муниципалдык менчик формасындагы ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын кызмат адамдары жана кызматкерлери.

Мындан тышкары, кабыл алынган конституциялык Мыйзамдын 2-беренеси менен Кыргыз Республикасында расмий тил катары орус тили пайдаланылаары аныкталган. Расмий тилди пайдалануу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жүзөгө ашырылат. Кыргыз Республикасы өзүнүн аймагында жашаган бардык этностордун өкүлдөрүнүн тилдерин эркин пайдалануу принцибин карманат жана бул тилдерди өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө кепилдик берет. Кыргыз Республикасынын ар бир жараны эне тилин сактоо, окуп-үйрөнүү жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө укуктуу.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты