Садыр Жапаров: “Май айынан тартып паспортту өзүбүз чыгарууга жетишебиз” (Видео)

Президент Садыр Жапаров «Учкун» басмаканасынан келечекте акчаны, паспортту чыгаргандай болобуз. Ал эми май айынан баштап паспортторду өзүбүз чыгарганга жетишебиз» деп айтты белим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиевди кабыл алуу учурунда.  

 -Мындан ары бир дагы мамлекеттик кагаз жеке компаниялардан чыкпашы керек. Бир гана «Учкундан» басылып чыгат. Биз өзүбүз 100 пайыз жетишебиз. Кудай буюрса, келечекте акчаны, паспортторду да өзүбүз басып чыгаргандай болобуз. Ал эми май айынан баштап паспортторду өзүбүз чыгарганга жетишебиз. Буга чейин паспорттордун бланктарын, техникалык паспортторду, айдоочулук күбөлүктөрдү жеке компаниялар басып чыгарчу. Бул үчүн мамлекеттен 15 млрд сом бөлүнгөн болсо, кайра ал мамлекетке салык же киреше түрүндө келген эмес.

Эми мамлекеттин каражатына «Учкундан» гана басып чыгарабыз, биздин эсеп менен алганда мамлекетке 3 млрд сомдон кем эмес салык түрүндө түшүп турат, — деди мамлекет башчы.

25-февралда президент Садыр Жапаров билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиевди кабыл алды.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты