Президент билим берүү министринин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиевди кабыл алды

  • 1 год мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-февралда билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда илим жана билим чөйрөсүн өркүндөтүү боюнча бир катар конкреттүү милдеттер коюлуп, бул маселе боюнча артыкчылыктуу пландар жана милдеттер талкууланганы айтылат.

Жапаров жолугушуунун жүрүшүндө билим берүү системасы реформага муктаж экенин билдирген. Ал өткөн жылы Билим берүү министрлигинин бюджети 29 млрд сомдон 49 млрд сомго чейин көтөрүлгөнүн эске салып, көйгөй каражат бөлүү менен эле чечилбей турганын, ал үчүн комплекстүү иш-аракеттерди жасоо зарыл экенин белгилеген.

Министрдин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиев өз кезегинде мамлекет башчыга билим берүү тармагын өнүктүрүүнүн жакынкы пландары жана келечеги тууралуу маалымат берипЮ билим берүү процесстеринин сапатын жогорулатууга багытталган Концепцияны жакынкы күндөрү сунуштай турганын билдирген.

Белгилей кетсек, кечээ, 24-февралда билим берүү министри Уланбек Мамбетакунов кызматтан алынып, анын милдетин аткаруучу болуп Жогорку Кеңешти мурдагы депутаты Каныбек Иманалиев дайындалган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты