Садыр Жапаров иш сапары менен Азербайжанга жөнөп кетти

  • 4 дня мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-июлда иш сапары менен Азербайжанга жөнөп кетти. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, президент бул сапардын алкагында 6-июлда өтө турган Түрк мамлекеттеринин уюмуна мүчө өлкө башчыларынын бейформал саммитине катышат.

Саммитте транспорт, байланыш жана климаттык ишмердүүлүк аркылуу туруктуу келечекти калыптандырууну камсыз кылуу маселеси талкууланат.

Мамлекет башчыны тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев, Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Максат Мамытканов, транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев коштоп кетти.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты