Садыр Жапаров ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларын кабыл алды

  • 2 года мурун

Кыргыз Республикасынын Президенти, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин төрагасы  Садыр Жапаров бүгүн, 25-августта, Чолпон-Ата шаарына Евразия өкмөт аралык кеңештин (ЕӨАК) отурумуна катышуу үчүн келген Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларын кабыл алды.  

Жолугушууга Министрлер кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь премьер-министри Роман Головченко, Казакстан премьер-министри Алихан Смаилов, Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин, ошондой эле ардактуу мейман катары Азербайжан премьер-министри Али Асадов катышты. 

Мындан тышкары, жолугушууга Евразиялык экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович катышты.

Президент отурумдун алкагында евразиялык интеграциянын абдан актуалдуу жана маанилүү маселелери карала турганын белгиледи.

Мамлекет башчы эл аралык эмгек миграция чөйрөсү Биримдиктин өлкөлөрүндө өтө актуалдуу көйгөй болуп саналарына, ошондуктан Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ органдарындагы төрагалыгынын артыкчылыктуу багыттарынын бири Биримдиктин өлкөлөрүнүн аймагына барган жумушчулар үчүн тиешелүү шарттарды түзүү экенине көңүл бурду.

Бул багыттагы, анын ичинде жумушчуларды жана алардын үй бүлө мүчөлөрүн социалдык камсыздоо маселелерин чечүү жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде алар үчүн миграциялык талаптарды жөнөкөйлөтүү боюнча ишти улантуу маанилүү.

Мындан тышкары, үстүбүздөгү жылы инвестициялык жана кооперациялык кызматташтыкты бекемдөө, биргелешкен транспорт коридорлорун өнүктүрүү, үчүнчү өлкөлөр жана регионалдык бирикмелер менен соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү боюнча биргелешкен күч-аракеттерди жумшоо зарыл.

Жолугушуунун катышуучулары евразиялык интеграцияны мындан ары тереңдетүү, тоскоолдуктарды жана чектөөлөрдү алып салуу, Биримдикке мүчө өлкөлөрдө санариптештирүүнү илгерилетүү, өнөр жай кооперациясын арттыруу жана башка маселелер боюнча пикир алышты.

Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны  өтүүдө. Жыйын эртең, 26-сентябрда да улантылат.  

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты