Садыр Жапаров: Чет өлкөлүк жарандар жер тилкесине менчик укугун ала албайт

  • 3 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде чет өлкөлүк жарандар жер тилкесине менчик укугун ала албай турганын билдирди.

Эң башкысы, Кыргызстандын мыйзамдары боюнча чет өлкөлүк жарандар же чет элдик компаниялар жер тилкесине менчик укугун ала албайт. Жер кодексинин түз талабы ушундай. Алар белгилүү мөөнөткө ижара акысын төлөп, пайдалануу укугун гана алышат. Жер мамлекеттин менчиги бойдон калат.

Ошондуктан бүгүн бул маселени «жаңы мыйзам чыгып, эми жерди чет элдиктерге берип жатышат» деп көрсөтүү чындыкка дал келбейт.

Садыр Жапаров жерди ижарага берүү бүгүн эле пайда болуп калган маселе эместигин айтты:

— Биринчиден, бул жерде эң негизги нерсени так түшүнүп алышыбыз керек. Чет элдик инвесторлорго жерди узак мөөнөткө ижарага берүү бүгүн эле пайда болгон жаңы норма эмес. Бул механизм Кыргызстанда көп жылдан бери колдонулуп келет. Азыркы өзгөртүүлөрдүн максаты аны заман талабына ылайык тактап, көзөмөлдү күчөтүү жана инвестордун жоопкерчилигин дагы да жогорулатуу болуп саналат, -деди президент.

-Муну ар бирибиз эле жакшы билебиз. Бишкектеги «Vefa Center», «Beta Stores» сыяктуу инвестициялык долбоорлор дагы дал ушундай узак мөөнөттүү ижара механизминин негизинде ишке ашкан.Алар бүгүн мамлекеттин мыйзамынан тышкары өз алдынча жашап жаткан жери жок. Тескерисинче, миңдеген жарандар иштеп, жүздөгөн ишкерлер бизнес жүргүзүп, мамлекетке туруктуу салык төлөп жатышат. Имаратын көтөрүп кетишкен жок. Көтөрүп кете да албайт, -деди «Кабар» агенттигине берген маегинде президент Жапаров.

Министрлер кабинети “Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтомду коомдук талкууга чыгарды.

Документ «Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2019-жылдын 
9-октябрындагы “Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» деп аталат.

Аталган документ боюнча «Кыргыз Республикасынын президентинин чечимин (тапшырмасын) аткаруу максатында улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында капиталдык объекттерди долбоорлоо, куруу жана эксплуатациялоо үчүн жеке жана юридикалык жактарга, анын ичинде чет өлкөлүк жактарга, 50 жылга чейинки мөөнөткө бир жолку төлөмдүн негизинде акы төлөнүүчү мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга” берүү сунушталууда.

Министрлер кабинетинин сунушу коомчулуктун талкуусуна коюлду.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты