Садыр Жапаров: «БУУда сүйлөгөн сөзүмдү өзүм жаздым»

  • 2 года мурун
Садыр Жапаров: «БУУда сүйлөгөн сөзүмдү өзүм жаздым»

Президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине чакан маек берди.

Анда ага БУУда сүйлөгөн сөзү боюнча суроо берилди.

Президент БУУда сүйлөгөн сөзүн өзү жазганын билдирди. «Болгондо да учакта кетип бара жатып өтө маанилүү жерлерин толуктадым. Спичрайтерлер чек ара маселесин чечүүдө же кандайдыр бир жолугушууларга мени менен бирге катышкан эмес да. Маселе кандай чечилип же чечилбей жатканынан кабарлары жок. Спичрайтерлер менен президенттин администрациясындагы тиешелүү бөлүмдөр өлкөбүздүн ички иш-чараларда сүйлөй турган сөздөрүмдү гана алдын ала даярдашат. Бирок ошондо да баары бир көпчүлүк жерлерин өзүм оңдойм, алымча-кошумча кылам дегендей. БУУда сүйлөй турган сөзүмдүн ар бир тамгасын «Жети өлчөп, бир кеспесем» болбойт эле. Себеби БУУнун жогорку трибунасы оюнчук эмес да. Анын үстүнө бул маселе жөнөкөй маселе эмес, өтө олуттуу маселе», — деди Садыр Жапаров.

Эске салсак, президент Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарында Бириккен Улуттар Уюумунун Бащкы ассамблеясынын 77-сессиясында жалпы дебаттарында кайрылуу жасаган. Ал өз сөзүндө чек ара маселесин да көтөргөн. Анын ичинде Тажикстан менен болгон мамиле тууралуу да сөз козгоду. Тажикстан принциптен тайып, келишимдерди бузганын белгилеген. Ушул жылдын 14-15-16-сентябрында масштабдуу аскердик кагылышуу болгонун кабарлады.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты