Садыр Жапаров: «Бизде сөз эркиндиги менен адам укуктарын коргоо биринчи орунда турат»

  • 1 год мурун

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда сөз эркиндиги менен адам укуктарын коргоо биринчи орунда турарын билдирди. Бул тууралуу ал Конституциянын кабыл алынганынын 30 жылдыгына карата Бишкекте өтүп жаткан иш-чарада айтты.

«Бизде сөз эркиндиги менен адам укуктарын коргоо биринчи орунда турат. Мамлекеттин кызыкчылыгына каршы иш жасаба, жалган маалымат таркатпа, бирөөгө жалган жалаа жаап, беделине доо кетирбесең болду, каалаган сөзүңдү сүйлөп, каалаган ишиңди кыла бер деген принцип сакталат«, — деди Жапаров.

Белгилей кетсек, 3-майда «Reporters Without Borders» («Чек арасыз кабарчылар») уюму жарыялаган баяндамада Кыргызстан сөз эркиндиги боюнча дүйнөлүк рейтингде 50 сап артка кетип, 122-орунга түшкөнү маалымдалган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты