Садыр Жапаров: “Батыш бизге Россия менен кызматташпоого көрсөтмө бербеши керек”

  • 4 дня мурун

Президент Садыр Жапаров орусиялык журналист Павел Зарубинге берген маегинде Батыш Кыргызстанга Россия менен кызматташ болбоого көрсөтмө бербеши керек экенин билдирди.

Журналист Садыр Жапаровдон “Батыш КМШ өлкөлөрү Россия менен кызматташ болуудан баш тартышы керектигин ачык эле каалашканы” боюнча суроо узаткан. Ага президент Жапаров мындайча жооп берди:    

“Бул, албетте, туура эмес, себеби мен Европага барып көрүп жүрөм, алар айтканда бирди айтып, жасаганда башканы жасашат.  НАТОнун же Европа бирлигинин мүчөсү болгон европалык өлкөлөр бар, алар өздөрү Россия менен кызматташ болууда. Алар бизге Россия же КМШ өлкөлөрү менен кызматташпоо тууралуу айтып же өтүнбөшү керек, -деп билдирди.

2022-жылдын февраль айында Орусия Украинага кол салгандан кийин АКШ жана Европа биримдиги Россияга каршы санкция салган.   

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты