Садыр Жапаров Бакиев Апрелчилерге фабрика куруп берүүнү убадалаганын, ал үчүн мамлекет жер бөлүп бергенин айтты

  • 2 недели мурун

Президент Садыр Жапаров 2010-жылы Апрель окуясында каза болгондордун жакындары Курманбек Бакиевден кун төлөтүп берүүнү суранышканын «Кабар» маалымат агенттигине берген маегинде айтты.

«Эки жылдан бери 2010-жылы Апрель окуясында жакындары каза болгон жарандарыбыз арыз-муңун айтып менин кабыл алуумда болуп келишет. Былтыр 100гө жакын адам кабыл алуумда болушуп, Бакиев келип бизге кун төлөп берсин, сиз ушуну камсыз кылып, жардам бериңиз. Сиздин колуңуздан келет. Дубайда мурдагы президенттерди чогулттуңуз го деп суранышты«, — деди Жапаров.

Ал Апрелчилердин бул суранычынан баш тартканын айтты. Жапаровдун айтымында, андан кийин Апрелчилер Курманбек Бакиев менен сүйлөшүшкөн, Бакиев аларга 200 кишилик тигүү фабрикасын куруп берүүгө убадасын берген. Апрелчилер өлкө башчысынан фабрика куруу үчүн жер бөлүп берүүнү суранышкан.

«Баарынын акыбалын карап туруп бир чети боорум ооруса, экинчи чети 200 үй-бүлөгө шарт түзүп берем деп атса жакшы экен деген ойго келип, 1 гектардан ашыгыраак жер бөлдүрүп бердим. Мен 200 эмес, 2 эле үй-бүлөгө бирөө жарым шарт түзүп берип, жашоосун оңдоого салым кошсо кубанамын. Себеби ар бир кыргызстандыктын тагдыры өлкө башчы катары менин мойнумда. Ошол үчүн жер бөлүп бердим«, — деди Жапаров.

Анын айтымында, жер Апрель окуясында каза болгондордун жакындары түзгөн акционердик коомго берилген.

«Эми салынабы же жокпу айта албайм. Себеби апрелчилер менен Бакиев кандай сүйлөшүштү, эмне деп келишишти мага белгисиз. Кыскасы менден кетпесин деп жер бөлүп бердим. Убакыт берели, фабрика салынбаса, жерди кайра мамлекетке тез эле кайтарып алып коёбуз«, — деди мамлекет башчысы.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты