Садыр Жапаров «Азаттык радиосу» медиакорпорациясынын президенти Джейми Флайды кабыл алды 

  • 1 год мурун

Президент Садыр Жапаров «Эркин Европа/Азаттык радиосу» медиакорпорациясынын президенти Джейми Флайды кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Мамлекет башчы Кыргызстанда эркин жана демократиялык өлкө катары көз карандысыз маалымат каражаттарынын толук кандуу иштеши үчүн бардык шарттар бар экенин, сөз эркиндиги болсо коомдун турмушунун ажырагыс бөлүгү экенин белгиледи.

Президент Садыр Жапаров баардыгы үчүн бирден-бир талап – бул улуттук мыйзамдарды сактоо экенин, ага ылайык жалган маалыматтарды таратууга тыюу салынганын баса белгиледи.

Өз кезегинде Джейми Флай Мамлекет башчысына жолугушуу үчүн ыраазычылык билдирип, ошондой эле Кыргызстандагы сөз эркиндигинин жогорку деңгээлин ырастады«, — деп айтылат маалыматта.

Былтыр 26-октябрда Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын эки айга бөгөттөө чечимин чыгарган. Январь айында аны белгисиз мөөнөткө узарткан. Министрлик өз арызын Кыргызстанда былтыртан бери иштеп баштаган “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамга негиздеген.

31-октябрда «Азаттык Медиа» мекемесинин «Демирбанктагы» эсеби эч кандай эскертүүсүз жана түшүндүрмөсүз бөгөттөлгөн.

“Азаттык Медиа” бул материалдарда журналисттик стандарттар сакталганын жана мыйзамга каршы аракет жок экендигин белгилеп келет. Буга чейин радионун юристтери аталган чечимди жокко чыгаруу өтүнүчү менен алгач Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине, андан кийин Бишкектин административдик сотуна кайрылган. Бул маселе боюнча алгачкы соттук жараян 26-январга белгиленген.

22-январда президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев өлкөдө сөз эркиндигине кысым жок экендигин жана “Азаттык Медиа” боюнча чечим мыйзамдын талабына ылайык кабыл алынганын Фейсбукка жазган.

23-январда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттыктын” ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен Бишкектин Ленин райондук сотуна арызданганы маалым болду. Сот арызды кароо мөөнөтүн 9-февралга белгилеген. Доогер тараптын өкүлдөрү 9-февралдагы сот процессине келген эмес.

Министрликтин мындай кадамын бир катар коомдук ишмерлер, медиа серепчилер, уюмдар сындап чыгышты.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты