Равшан Жээнбеков: “Опумбаев, Жунушалиев, Сооронбай Жээнбеков эркиндикте, а биз соттолуу алдында турабыз”
- 1 год мурун
Бүгүн, 12-майда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча сот отуруму кийинкиге жылдырылды. Бул тууралуу саясатчы Равшан Жээнбеков билдирди.
Жээнбековдун айтымында бүгүн соттун өкүмү чыкмак. Прокурорлор мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге 11 жыл, Равшан Жээнбековго 10 жыл, Канат Сагымбаевге 11 жыл, Фарид Ниязовго 10 жыл жана башкаларга дагы ушул сыяктуу жазаны сурашкан.
Бүгүнкү күнү сот кандайдыр бир себептер менен болбой калды, кийинкиге жылдырылды. Качан болору азырынча белгисиз.
“Чыныгы күнөөлүүлөр, операцияны, Атамбаевдин үйүнө мыйзамсыз чабуул жасагандар, туура эмес жасагандар, Атамбаевдин үйүнө автомат менен баргандар Орозбек Опумбаев, Кашкар Жунушалиев, Сооронбай Жээнбеков бардыгы — эркиндикте. Ал эми ошол учурда эл менен милицияны кагыштырбай, “Альфанын” кызматкерлерин баш ийбеген жаш балдарга, “толпага” сабатпай, урдурбай, аман-эсен алып чыгып бергендер – биз соттолуу алдында турабыз” деди Равшан Жээнбеков.
17-апрелде, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча сот отурумунда шектүүлөр соңку сөздөрүн айтышты. Судья Азирет Медеров өкүм чыгарууну 2025-жылдын 12-майына жылдырган.
Буга чейин шектүүлөр президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов, саясатчы Равшан Жээнбеков, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Канат Сагымбаев, мурдагы депутаттар Асел Кодураңова, Мээрбек Мискенбаев, Ирина Карамушкина соңку сөздөрүн айтышты.
Прокурорлор мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди 11 жылга эркинен ажыратууга, Канат Сагымбаевди 11 жыл 6 айга, Фарид Ниязов менен Равшан Жээнбековду 10 жылга эркинен ажыратууну, Асел Кодураңова, Ирина Карамушкина, Мээрбек Мискенбаев жана Кундуз Жолдубаеваны 3 жылга пробация жазасын берүүнү сурады.
2019-жылдын августундагы Кой-Таш окуясына байланыштуу сот Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда уланууда.
Кой-Таш окуясы боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы депутаттар Ирина Карамушкина, Асел Кодураңова, Равшан Жээнбеков баштаган 14 кишинин тергөө иши 2020-жылдын февраль айында сотко өтүп, ишти Биринчи май райондук соту кароону улантууда.
7-8-август күндөрү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда УКМКнын бир кызматкери каза таап, бир топ укук коргоо органдарынын кызматкерлери жарат алган. Андан тышкары, 136 адам медициналык жардам алуу үчүн кайрылган.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




