Равшан Жээнбеков: Кемпир-Абад иши боюнча шаардык сот ачык өтүшүн талап кылабыз (Видео)  

Бүгүн, 23-августта, Кемпир-Абад иши боюнча шаардык сот 30-августка жылдырылды.

Соттук процесс алдында оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков буларды билдирди:

-Өткөндө биринчи сот башталганда эле үч соттун төрагасы сот жабык болот деп айтты. Бирок биз муну менен макул эмеспиз.  Себеби Бишкек шаардык сотунун өздөрүнүн Кемпир-Абад соту ачык өтүш керек деген чечими бар. Эгерде кайсы бир жерде жашыруун маалымат болсо, ошол жери гана жабык өтүшү керек. Биз ошол чечимге таянып, Бишкек шаардык сотуна өтүнүч беребиз. Бишкек шаардык соту Кемпир-Абад ишин боюнча сотту ачык өткөрсүн. Кайсы жерде жашыруун маалымат болсо, ошол жеринин жабык өтүшүнө макул болобуз деген келишимге биз баарыбыз келип жатабыз,-деди Равшан Жээнбеков.   

  

Бүгүн, 23-августта, Бишкек шаардык сотунда Кемпир-Абад иши боюнча сот процессине Азимбек Бекназаров менен Ильгиз Шаменовдун жактоочулары келбегендиктен, сот иши 30-августка жылдырылды.

Буга чейин, 6-августта, Бишкек шаардык сотто Кемпир-Абад иши боюнча сот отуруму ачылып, бирок отурум 23-августка жылдырылган.

Соттук отурум жабык түрдө башталган. Ага Азимбек Бекназаров жана Ильгиз Шаменов сот болору тууралуу чакыруу кагазын алышпай, келбей калган.

12-июлда прокуратура Кемпир-Абад иши боюнча Биринчи май райондук сотунун актаган чечимине каршы Бишкек шаардык сотко кайрадан жаңы апелляциялык сунуш берген. Анда прокурорлор Медер Абдышев жана Замира Байбагышова Кемпир-Абад иши боюнча Биринчи май райондук соту тарабынан акталган саясатчы, активисттердин актоо чечимдерин жокко чыгарып, коюлган айыптары боюнча бардыгын күнөөлүү деп таап, жаза берүүнү суранышкан.

Сүрөттө: Равшан Жээнбеков. «ПолитКлиника».

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты