Райондук сотто Темирлан Султанбековдун баш коргоо чарасы каралууда

  • 2 года мурун

Бүгүн, 9-январда Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун, партиянын мүчөсү Ирина Карамушкина жана партиянын тарапташы Роза Түрксевердин баш коргоо чарасы каралып жатат. 

Сот отуруму жабык өтүүдө. Сот залынын эшигинин алдында «Социал-демократтар» партиясынын айрым мүчөлөрү жана соттолуучулардын жакындары турат.

Калган тарапташтарын, журналисттерди, соттолуучулардын жакындарынын айрымдарын, анын ичинде Роза Турксевердин баласын, Ирина Карамушкинанын күйөөсүн бери жакта киргизбей тосуп турушат.

Тергөө абагында жаткан Темирлан Султанбеков 56 күндөн бери ачкачылык кармоодо. 

2024-жылы 14-ноябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы (ШИИББ) Султанбековго, Карамушкинага жана Турксеверге кылмыш-жаза кодексинин 196- беренесинин 1-бөлүгүнүн (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) негизинде кылмыш ишин козгоп, камакка алган.

15-ноябрда Бишкектин Свердлов райондук соту «Социал-демократтар» партиясынын жетекчиси Темирлан Султанбековду, партиянын штаб башчысы Ирина Карамушкина менен тарапташы Роза Турксеверди 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган.

2024-жылы 2-декабрда Бишкек шаардык соту «Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун бөгөт чарасы боюнча аппеляциялык арызын карап, Свердлов райондук сотунун эки айга камаган чечимин күчүндө калтырды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты