Райондук сот Семетей Талас уулун эктремисттик материалдарды жайылтууга күнөөлүү деп тапты

  • 1 год мурун

Бүгүн, 18-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 18-апрелде журналист Семетей Талас уулунун ишин карады. Бул тууралуу райондук соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Сот аны эктремисттик материалдарды жайылтууга күнөлүү деп таап, үч жылга эркинен ажыратты. Журналистти жазаны аткаруудан бошотуп, бир жылдык мөөнөттө пробациялык жаза өтөсүн деген чечим чыгарды.

Эске салсак, Ички иштер министрлиги журналистке буга чейин кылмыш-жаза кодексинин 322-беренесинин 1-бөлүгү (эстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) менен кылмыш иши козголгондугун билдирген.

Семетей Талас уулу Фейсбуктагы баракчасына Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга берүү боюнча келишимди бир нече жолу сынга алып жазган.

Ал былтыр ноябрь айында камакка алынып, кайра үй камагына чыгарылган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты