Путин Орусиянын кинотеатрларында Украинадагы “атайын операция” тууралуу тасмаларды көрсөтүүнү тапшырды

  • 2 года мурун

Орусиянын президенти Владимир Путин Маданият министрлигине кинотеатрларда «атайын аскердик операцияга» жана «неонацисттик жана неофашисттик идеологиянын жайылышына каршы күрөшкө» арналган даректүү тасмаларды көрсөтүүнү тапшырды. Тиешелүү милдеттендирме Кремлдин расмий сайтына жарыяланды.

Путин Орусиянын  кинотеатрларында Украинадагы “атайын операция” тууралуу тасмаларды көрсөтүүнү тапшырды

Ага ылайык, Орусиянын маданият министрлиги 1-февралга чейин кинотеатрларды «атайын аскердик операция, неонацисттик жана неофашисттик идеологиянын жайылышына каршы күрөш» тууралуу тасмалар менен камсыздоо жана патриоттук даректүү тасмалардын фестивалын уюштуруу тууралуу сунушун бериши керек.

Белгилей кетсек, Орусиянын президенти Владимир Путин 24-февралда Украинага карата аскердик операцияларды баштаганын жарыялады. Бул тууралуу ал “Россия 24” каналынын эфиринде жарандарга кайрылуу учурунда айткан.

Анын айтымында, операциянын максаты – “сегиз жылдан бери геноцидге кабылган адамдарды коргоо” болуп саналат.  

“ПолитКлиника” медиасы Орусиянын президенти белгилеген “атайын операция” манипуляция экенин бир канча жолу аныктап чыккан.
БУУнун Адам укуктары боюнча кеңсеси орус-украин согушу башталгандан бери 7000 миңден ашык Украинадагы жай тургун набыт болгонун билдирген. Алардын 500гө жакынын жаш балдар түзөт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты