Владимир Путиндин манипуляциясы: “Украина 8 жылдан бери орус улутундагыларды геноцидге учуратып, шылдыңдап келген…”

Украинанын аймагында орус армиясы менен украин күчтөрүнүн ортосундагы согуш 20 күндөн бери уланууда. Бириккен Улуттар уюмунун маалыматына ылайык, Россия Украинага басып киргенден бери кеминде 596 жай тургун набыт болду. Алардын 43ү балдар. Мындан сырткары, бир топ административдик мекемелер жана үйлөр талкаланды. 

“Ким агрессор?” Эки башка версия 

Россия Украинага басып киргенден бери коомчулукта эки түрдүү пикир жаралды. Кээ бирлери Россиянын кадамын туура деп эсептеп, Украинаны аймагындагы орус тилдүү жарандарды басмырлоого жана өлтүрүүгө себеп болгонун айтып келишет. Ал эми башкалары Россияны “агрессор” жана адам укугун сыйлабаган мамлекет катары баалашкан. 

“ПолитКлиника” медиасы орус-украин чырындагы эң көп талкууланган аргументтерди салыштырып көрдү. 

  1. Владимир Путиндин “геноцид” терминин бурмалоосу 

Россиянын президенти Владимир Путин 24-февралда Украинага карата аскердик операцияларды баштаганын жарыялады. Бул тууралуу ал “Россия 24” каналынын эфиринде жарандарга кайрылуу учурунда айткан.

Анын айтымында, операциянын максаты — “сегиз жылдан бери геноцидге кабылган адамдарды коргоо” болуп саналат.  

“Аскердик операциянын максаты сегиз жылдан бери Киев режими тарабынан геноцидге жана басмырлоого туш болгон жарандарды коргоо. Бул үчүн биз Украинаны демилитаризациялоо  денацификациялоого ошондой эле карапайым элге анын ичинде Россиянын жарандарына каршы көптөгөн кандуу кылмыштарды жасагандарды жоопкерчиликке тартабыз”, — деп билдирген Владимир Путин.

Өзүнүн кайрылуусунда Владимир Путин “геноцид” деген сөздү эки жолу колдонгон. Буга чейин да 2015-2021-жылдары Украинанын Донбасс жана Лугансктагы аракеттерин “геноцид” деп баалаган. 

Чынында бул өтө чоң айыптоо. Анткени бир мамлекет өлкө ичиндеги азчылыкты геноцидге учуратса, ал өлкө дүйнө коомчулугунда “адам укугун сыйлабаган” мамлекет катары бааланат. 

Геноцидге экинчи дүйнөлүк согуш учурунда фашисттик Германиянын “этникалык тазалоо” деген ат менен белгилүү саясаты мисал боло алат. Анда фашисттик жетекчилик еврей жана цыган улутунун, ошондой эле башка миллиондогон адамдардын өлүмүнө себеп болгон. Бул айтылгандар документтик тастыктоолор менен бекитилип, согуштан кийин Германия дүйнө коомчулугуна чоң өлчөмдөгү кенемте төлөп берүүгө милдеттүү болгон. 

“Геноцид” термининин чечмелениши 

Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин 1948-жылы “геноцид” термини БУУнун конвенциясында бекитилген. Ага ылайык “геноцид” “кандайдыр бир улуттук, этникалык, расалык же диний топту жок кылуу максатында (толугу менен же жарым-жартылай) жасалган аракеттер» деп аныкталат.

Владимир Путиндин манипуляциясы: “Украина 8 жылдан бери орус улутундагыларды геноцидге учуратып, шылдыңдап келген…”

Башкача айтканда, бул термин бир топту атайылап физикалык түрдө жок кылууну билдирет.

Бир өлкөнү “геноцид” кылууга айыптоо өтө татаал процесс. Анткени аталган өлкөнүн “азчылыкты жок кылууга” чакырык таштаганын жана чын эле өлтүргөнүн далилдөө керек. 

Донбасста “геноцид” болгону далилденген эмес

2014-жылы Украинадагы орус тилдүүлөр басымдуулук кылган Донецк жана Луганск аймактары өздөрүн Республика деп жарыялагандан кийин Украинада абал курчуган. Украинанын борбордук бийлигине баш ийбеген аймактар менен бийлик ортосундагы тирешүү курч маанайда болуп, адам өлүмү менен коштолгону чындык. 

Бирок Владимир Путиндин “Украина миллиондогон адамдарга каршы геноцид жасады” деген сөзү практика жүзүндө далилденген эмес. 

Анткени Украинадагы кырдаал дүйнө коомчулугунун анын ичинде изилдөө институттарынын да көңүлүн бурган. Журналисттерден жана социалдык тармактарда аккаунттары бар жөнөкөй жарандардан тышкары Донецк жана Луганск облустарында ОБСЕнин атайын байкоочу миссиясынын 40тан ашык өлкөдөн, анын ичинде Россиядан келген 600дөй байкоочусу көзөмөл жүргүзгөн. 

Сегиз жылдан бери байкоочулар жана ОБСЕнин өкүлдөрү Донбасста карапайым калктын системалуу түрдө өлтүрүлүшү боюнча эч кандай далил таба алышкан эмес. 

БУУнун Украинадагы адам укуктарын көзөмөлдөө миссиясынын маалыматы боюнча, Украинанын чыгышында дээрлик сегиз жылдан бери уланып жаткан кагылышууларда 3393 жай тургун набыт болгон. 

Ошол эле учурда орустар менен украиндердин саны болжол менен бирдей болуп чыккан. Бул Путиндин орус калкын жок кылуу жөнүндөгү билдирүүлөрүнө карама-каршы келет. 

Владимир Путиндин манипуляциясы: “Украина 8 жылдан бери орус улутундагыларды геноцидге учуратып, шылдыңдап келген…”

Донбасста “сегиз жылдык геноцид болгон” деген айыптоо өлүмдөрдүн саны менен караганда да бурмалоо экенин көрүүгө болот. Анткени 2014-жылы 2084 адам каза болсо, 2021-жылы 18 өлүм катталган.

Белгилей кетсек, Донецк облусунда 2,5 миллионго жакын адам жашайт. 

Украинага басып кирүү үчүн айтылган сөз БУУнун уставына туура келбейт

Владимир Путин өз сөзүндө Донбасстын эли Россияга жардам сурап кайрылганын билдирген. Ал бул кадам БУУнун “Адам укуктары жөнүндөгү” Конвенциянын 51-беренесине жана Россия менен ДЭРдин ортосундагы достук келишимине таянып жасалып жатканын билдирген. 

БУУнун Конвенциясынын 51-беренесинде Уюмдун мүчө өлкөлөрүнө кол салуу болгон учурда өзүн-өзү коргоо укугуна ээ экени жөнүндө айтылат. 

Владимир Путиндин манипуляциясы: “Украина 8 жылдан бери орус улутундагыларды геноцидге учуратып, шылдыңдап келген…”

Буга чейин Украинанын Донбасска кол сала турганы тууралуу маалыматтар Россиялык пропагандалык медиаларда гана чыккан. 

Мындан сырткары, БУУнун бул уставы өздөрүн Республика деп жарыялаган ДЭР жана ЛЭРге тиешелүү эмес. Анткени алар официалдуу түрдө БУУнун курамына кирбейт жана Украинанын бөлүгү катары кабыл алынат. 

Белгилей кетсек, 2-март күнү БУУнун Башкы ассамблеясы Россиянын Украинанын аймагынан аскерлерин чыгарып кетүүсүн талап кылган резолюция долбоорун көпчүлүк добуш менен кабыл алган. 

Россиянын Украинага басып киришин туура деп 141 мамлекеттин ичинен бешөө гана колдогон. 

Владимир Путиндин манипуляциясы: “Украина 8 жылдан бери орус улутундагыларды геноцидге учуратып, шылдыңдап келген…”

Жыйынтык: Владимир Путиндин Украинадагы геноцид жана кол салуу коркунучу тууралуу айткандары манипуляция. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты