Психологдор Сузактагы бакчада сабалган балдар менен иштешти
- 2 года мурун
Психологдор Сузактагы бакчада сабалган балдар менен иштешти. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош мамлекеттик университетинин психология кафедрасынын башчысы, психология илимдеринин доктору Акчач Жолдошева баш болгон психологдор тобу Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Багыш айыл аймагындагы «Кенжетай-1» мектепке чейинки билим берүү уюмуна барып, жабыркаган тарбиячылар, балдар жана алардын ата-энелери менен сүйлөшүп, аларга жакындан жардам беришти.
Эске салсак, 2-декабрда, социалдык тармактарга Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Багыш айыл аймагында жайгашкан «Кенжетай-1» бала бакчасында орун алган балдарга орой мамиле жасалганы чагылдырылган видео тасма жарыяланган.
Билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаева бала бакчада баланы жазалап жаткан тарбиячынын мыйзам чегинде жазаланышын талап кылды.
Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү аталган бала бакчадагы видео тасма боюнча Жалал-Абад облустук прокуратурасы, Сузак райондук ички иштер бөлүмү тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгын билдирди.
Ал эми райондук билим берүү бөлүмү тарабынан аталган окуянын чоо-жайын аныктоо үчүн комиссия түзүлүп, кызматтык иликтөө башталганын кошумчалады. Текшерүүнүн жүрүшү менен бала бакча кызматкерлерине мыйзам чегинде чара көрүлөрү айтылды.




